Ырчы Анжелика 2021-жылдын 23-январда Караколго бара жатканда унаасы тайгаланып, бир тарабы жолдун четиндеги бакка урунган.
2022-жылдын 22-январында ал урунган бакты жол кырсыгына күнөөлөп, кыйып салган.
Интернет колдонуучулардын басымдуу бөлүгү ачуусу келип, катуу сын-пикир айтса, бир бөлүгү анын бул жосунсуз жоругун “Анжелика унаасы менен бара жатса, алдынан бак чуркап чыга калыптыр” деп анегдотго айлантып кетишкен.
Коомчулук анын ордуна 100 көчөт отургузуусун талап кылган.
Буга арданган Анжелика “100 бак эмес, 1000 бак отургузууга күчүм жетет” деп убада берген. Анткен менен бүгүнкү күндө бир дагы көчөт отургузууга күчү жетпей келет…
Булак: Zobolo