Журналист Нургазы Анаркулов соцтармактагы баракчасына Камчыбек Ташиевдин баласына байланышкан иликтөө боюнча пикирин жазды:

- Мен кечээ Temirov.live командасы жарыялаган Тай-Мурас Ташиевге байланыштуу "иликтөөсү" боюнча өз оюмду бөлүшүп кетүүнү парз деп эсептейм. Анткени, Тай-Мурасты жакындан билем, жакшы тааныйм. Ата тарбиясын көргөн, атасына окшоп бирөөнүн акысын жебеген, накта мекенчил уулдарыбыздын бири. Орозодо ушак айтуу өтө чоң күнөө болуп эсептелет. Ал эми Temirov.live командасынын Кудайдын алдында күнөөсү өтө чоң. Бирок булар Кудайды тааныйт дейсизби? Булардын Кудайы батыштан агылып келе жаткан жашыл доллар! Сэм байкенин доллары үчүн минтип ата-журттун кызыкчылыгын сатып жүрүшпөйбү!

Мен булардын аргументине карата айныгыс фактыларды келтирейин, үч тендердин тарыхы мындай:

Биринчи тендердин баасы 50 миң сом, андан тапкан пайда 3,5 мин сом.

Экинчи тендер 150 миң сомдук, пайдасы 7,5 миң сом.

Үчүнчү тендер 200 миң сомдук, пайдасы 8 миң сом.

Темировчулар бул тендерге жалгыз Тай-Мурастын фирмасы катышканына басым жасап жатпайбы.Чын эле эмне үчүн Тай-Мурас Ташиев бул өтө аз суммадагы жана пайдасы үч тендердики биригип 19 миң сом гана пайда алып келген тендерлерге катышкан? Себеби, башка чоң компаниялар өтө эле аз суммадагы тендерлер экен деп катышпай коюшкан. Ошондо жергиликтүү жетекчилер суранып жүрүп Тай-Мурасты катыштырат, башка фирмалардын максаты жеңил жана өтө чоң суммада киреше табуу экен.

Демек, Тай-Мурас бул тендерлерден пайда табуу үчүн эмес, жардам берүү үчүн катышкан. Үч тендерден биригип тапкан пайдасы 19,5 миң сом. Биз Тай -Мураска жергиликтүү бийликке жардам бергени үчүн рахмат айтышыбыз керек. Башында айткандай, темировчулар коомчулукту манипуляциялап, батыштын гранттарын "актоо" үчүн ушундай жеңил ушак таркатып атышат. Эмнеге буларга келгенде жалган маалымат таркатуу мыйзамы иштебейт?

К.Ташиевди кыргыз эли жакшы билип калды. Ал эч качан мамлекеттин байлыгын уурдоого жол бербейт! Бул анын өмүрүндөгү эн чоң принциптеринин бири, эгер мыйзам бузула турган болсо, жакындарын дагы аябай тургандыгын билип көрүп жүрөбүз. Ал эл алдындагы таза эрктүү намысына шек келтирүүгө эч кимге жол бербейт, жакындарын, балдарын, бир туугандарын арам иштен алыс кармайт.

Дүйнөдө орун алган акыркы окуялар Батыштын фейк жасоо багытында биринчиликти эч кимге бербестигин далилдеди. Бул багытта атайын окуулар, көрсөтмөлөр бар. Бизде фейк фабриканын башында Батыштын гранттарын жеп олтурган темировчулар турары анык. Максаты - бийликти элге жаманатты көрсөтүү, башаламандык пайда кылып, азыркыларды кетирип, Батыштын ырына бийлеген куурчак бийликти алып келүү...  Бирок нарктуу кыргыз элим кимдин ким экенин билип калды, мындайга жол бербейт!