Бул маалыматты бүгүн, 18-апрелде «Сводка АКИpress» редакциясына Жаза аткаруу кызматынан (ЖАМК) тастыкташты.
№27 абак Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан.
Атамбаев Бишкектеги №47 дарылоо-түзөтүү колониясында кармалып турган. Буга чейин ЖАМК колония бузулуп, камактагылар  башка колонияларга которула турганын билдирген.
Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев журналисттерге Москва районунун Петровка айылындагы №8 абакка которулууну кааларын  билдирген.

Булак: Баракелде