Казакстандын юстиция министри Канат Мусиндин айтымында, президент Касым-Жомарт Токаевдин жакындары төмөнкү кызматтарга талапкер боло албайт:

- министр,
- министрдин орун басарлары
- мамлекеттин жана квазимамлекеттик органдардын башчысы.

«Мисалы, президенттин эжеси, агасы же балдары «Самрук-Казына», «Байтерек» улуттук компанияларында жетекчилик кызматтарды ээлей алышпайт», - деп билдирди Мусин, деп маалымдады Orda.kz.
Жакын туугандар деп ата-энелер, балдар, асырап алуучулар, асырап алынгандар, бир туугандар, чоң ата, чоң эне, неберелер эсептелет. Ошондой эле, Казакстан Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарына ылайык, алардын катарына жубайлардын жакын туугандары да кирет.

Булак: Баракелде