QAir жарыялаган маалымат боюнча, бүгүн, 18-апрелде саат 11:00гө карата Бишкек шаарындагы абанын булгануусу 37 AQI болуп жатат. Бул көрсөткүч абанын сапаты жакшы дегенди билдирет.

Абасы өтө булганган 3 аймак:

1. Көк-Жар - 110
2. Чүй-Манас - 108
3. Бөкөнбаев - 108

Муну менен Бишкек шаары абанын сапаты жана атмосферасынын булгануусу боюнча дүйнөлүк рейтингде 59-орунда турат.

Атмосферанын булгануусунан кантип сактануу керек?

- терезе-эшиктерди жабыңыз;
- бет кап тагыныңыз;
- тыштагы физикалык кыймылды азайтыңыз;
- аба тазалагычты пайдаланыңыз

Булак: Баракелде