Казакстандын Коргоо министрлиги Жеңиш күнүндө (9-май) жана Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн  түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата (7-май) эмне үчүн аскердик парад өткөрбөй турганын айтты, деп билдирет «Информбюро».
«Казакстанда 2022-жылы аскердик парад өткөрүү бюджетти үнөмдөөгө, ошондой эле башка көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгына байланыштуу пландалган эмес», - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Коргоо министрлиги Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жана мобилдүүлүгүн талап кылынган деңгээлде кармоону, мамлекеттик жана аскердик объектилерди коргоону жана сактоону камсыздоо боюнча милдеттерди аткарууну артыкчылыктуу багыт катары атады.
Негизги иш-чаранын токтотулганына карабастан, майрам күндөрү өлкө боюнча 50 аскердик-патриоттук иш-чара өткөрүү пландалууда. Ага ылайык Улуу Ата Мекендик согуштун жана Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлерине сый көрсөтүлөт.
Мындан тышкары Алматынын акимиаты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир миллион теңгеден бөлөт.

Булак: Баракелде