Биздин гезит өткөн санда жазгандай, Президент Садыр Жапаров жубайы менен Улустун улуу күнү – Ноорузду Баткен облусунда жергиликтүү эл менен чогуу майрамдаганы бүтүндөй аймактын элине чоң дем-күч берип койду. Мамлекет башчыбыз алгач, 20-мартта Лейлек районунун борборунун Раззаков болуп аталышына байланыштуу салтанатка катышып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту.

Андан кийин, 21-мартта Баткен шаарынын борбордук стадионунда уюштурулган бир тонна сүмөлөк кайнатуу иш чарасына күбө болуп, республикабыздын ар кайсы облусттарынан, борбордон барган өнөрпоздор коштогон концертти көрүп, өзү да сүмөлөктү аралаштырып көрдү.

Ал эми  Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып аймактагы чек ара меселесин чечүүнү убада кылды. Өз сөзүндө мамлекет башчысы бул маселе кийинки муундарга калбай турганын айтты: “Жалпы республиканын өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экономикасы маанилүү орунду ээлеп, чоң потенциалга ээ. Мына ушундай өлкө чеги башталган жерде жайгашкан, зор потенциалга ээ аймакты өзүнчө облус кылып түзүү иштери өз маалындагы эң туура чечимдердин бири болгон. Тилекке каршы, башталган кадам андан ары ташталбай, облус макамындагы аймакка анчейин көңүл бурулбай келгени, албетте, өкүндүрөт. Буга чейин чечилбей, бийликтен бийликке көйгөйлүү мурас болуп кала берген чек ара маселесинде чыр-чатактар куралдуу жаңжалга айланып, кейиштүү окуялар да болуп кетти. Биз, Кудай буюрса, мындай көрүнүштү кийинки муундарга калтырбайбыз”.

Бул күнү элибизге Кудайдын да мээрими төгүлүп, күн чайыттай ачылып, жылуу болуп турду. Баткен облусунун ар кайсы аймактарынан келишкен жергиликтүү кол өнөрчүлөр менен элдик таланттар да өздөрүнүн колунан жасалган килем, туш кийиз жана башка буюмдарын тартуулашып, ырдашып, жаш балдардан тартып, кары-картаңдарга чейин маанайы жогору болду. Мындай улуттук салт-санаасын, өнөрүн, эң негизгиси мекенчилдик сезими менен баатырдык сапатын сактаган эл эч качан сырткы кара ниет душмандарга жеңилбейт...

Булак: “Майдан. kg” гезити