- Мен Бейшеналиев Алымкадырды студент кезинен бери билем. Алымкадыр менин жакшы көргөн хирургдарымдын бири. Ал түз жүргөн, куулук-шумдугу жок, жаман иштерге аралашпаган адам. Бул жигит көп жыл бою мединституттагы хирургиялык кафедраны башкарды. Уюштуруучулук жөндөмү күчтүү, жаштарды илим, билимге тарткан, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калган мыкты хирург. Ошон үчүн Саламаттык сактоо министри болду деп укканда эле иштеп кетээрине ишенгем. Мына кыска убакыттын ичинде кандай иштерин иши менен далилдеди. Буюрса, медицинада революция жасады. Даражасына, кызматына карабай баарын тартипке салып койду. Кыскасы, кызматын бергиси келбегендер митингге да чыкты, кадыры чоң кишилерин да салды. Алымкадыр Бейшеналиев ага да карабай баштаган ишин аягына чыгарып, министрлик милдетин так аткарды. Кызматынан четтеген медиктер Алымкадыр Бейшеналиев министрлик милдетин аткарып жатканын түшүнүп, каршылашып жоо болбошу керек.
- Категория: Коом
- Просмотров: 368
Мамбет Мамакеев: Алымкадыр Бейшеналиев түз жүргөн, куулук-шумдугу жок, жаман иштерге аралашпаган адам