Экономикалык эксперттер Россия-Украина кырдаалын Кыргызстандын жеңил өнөр-жай тармагындагы ишкерлер оңтойлуу пайдаланып кетүүгө толук мүмкүн экендигин айта башташты. Анткени, Россияга масштабдуу экономикалык санкциялар киргизилгенден кийин бир катар ири компаниялар, ишканалар Россиядагы ишмердиктерин,  өз продукцияларын экспорттоону токтотушту. Бош калган рынокту башка өндүрүшчүлөрдүн товарлары ээлей баштаары талашсыз. Мына ушул рыноктогу нишаны  Кыргызстандагы жүздөгөн тигүү цехтери, фабрикалары ээлегенге неге болбосун.

Ооба, пандемиялык абалдан улам Кыргызстандагы жеңил өнөр жай тармагынын өндүрүштүк көлөмү 11 %га кыскарып, экспорттун көлөмү да азая түштү. Алсак, 2019-жылы бул көрсөткүч 101,3 млн. долларды түзгөн болсо, 2020-жылы  58,1 млн. долларды, 2021-жылы 50,4 млн. долларды түзгөн. Бирок ошого карабай Россиянын, ЕАЭБдин рынокторунда "Made in Kyrgyztan" бренди бааланат, суроо-талапка,  европалык маркалар менен атаандашчу потенциалга ээ.

Албетте, бул нерсени  жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлердин өздөрүнө төңкөрүп коюу жарабайт. Кыргыз өкмөтү да бардык жагынан колдоого алып, жеңил өнөр жай тармагындагы экспорттун көлөмүнүн өсүшүнө  кызыкдар болушу зарыл. Эгерде көңүлкоштук кылышса, анда эле аталган нишаны  башкалар ээлеп, Россиянын рыногун башкалар толтурат.

Кризис-менеджер делген Акылбек Жапаровдун аймактагы  кризистик абалды  мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга акылы жетеби?