Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиев кыз-келиндер маселесин талкуулаган видеоселектордо айтты.

Өзбекстан бийлиги кыз-келиндердин жогорку билим алуусун артыруу үчүн магистратурага тапшырган кыз-келиндердин окуу акысын мамлекет тарабынан каржыламай болду. Бул жылдын эсебинен алганда 23 миң кыз-келинге 200 млрд сум бөлүнөт.

Мындан сырткары кыз-келиндердин жогорку билим алуусун колдоо максатында:

  • Жыл сайын 50 кыз атайын конкурс менен тандалып, чет өлкөдөгү беделдүү университеттерге магистратурага окууга жиберилет.
  • Жаш балалуу кыз-келиндердин магистратурадагы окуусун улантуу үчүн алардын аралыктан окуусуна шарт түзүлөт.
  • Докторантураны улантууну калаагандар үчүн жыл сайын 300 бюджеттик орун бөлүнөт.
  • Кыз-келиндер үчүн бөлүнгөн бюджеттик орундардын 50% так илимдер, техника жана юридика тармагын камтыйт.
  • Жаңы окуу жылдан баштап бакалаврда окуп жаткан кыз-келиндер үчүн окуу акысын төлөөгө 7 жылдык пайызсыз кредиттер бериле баштайт.

Булак: Маралфм