Бишкектин жаңы мэри болуп Эмил Абдыкадыров дайындалды. Бул тууралуу Reporter.kg′ге өздүк булактар ​​билдирди.

Абдыкадыров 64 жашта, Талас облусунан болот. Ал вице-премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси, бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. «НурСтройМонтаж» курулуш компаниясынын жетекчиси.

Буга чейин Reporter.kg  Айбек Жунушалиев президенттик аппаратта иштей турганын билдирген болчу.

Булак: reporter.kg