Учурда Кыргызстандын мектептеринде башталгыч класстын окуучулары бир маал тамактанышат. Бул мамлекеттин эсебинен. Бирок азык-түлүктөрдүн кымбаттап кеткенине байланыштуу, акыркы учурда окуучуларга компот жана булочка берүү менен чектелишүүдө. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. 

Депутат Айгүл Айдарова  Надира Жусупбековадан: «7 сомго жасалган тамакты жеп көрдүңүзбү?» деп сурады.

Надира Жусупбекованын айтымында балдарга тамак - аш жасоого азык-түлүк сатылып алынчу  тендерге жеке компаниялар катышпай жатат.

«1-4-класстын окуучуларына үч жолу тамак жасабайт, бир жолку ысык тамак берилет. Анан 7 сомду өзүнчө албайт, ал жалпы жасалат. Азыр кыйналып жатабыз, оор болуп жатат. Азыр компот менен бир булочка бергенге мажбур болуп турабыз. Чындыкты ачык эле айтып жатпайбызбы. Мына Ысык-Ата районунда тендер алты жолу кайра жарыяланды. Арзан кезинде (азык-түлүк) жеп көрдүм, абдан даамдуу, жакшынакай жасалган тамак. Кымбаттагандан кийин да көрдүм, а

Ал эми депутат Айгүл Айдарова билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага: «7 сомго жасалган тамакты жеп көрдүңүзбү?» деген суроо узатты.

Надира Жусупбекова азык-түлүктүн баасы кымбаттагандыктан айла жоктон окуучуларга компот менен булочка берүүгө өтүшкөнүн, тендерге жеке компаниялар катышпай жатканын билдирди.

«1-4-класстын окуучуларына үч жолу тамак жасабайт, бир жолку ысык тамак берилет. Анан 7 сомду өзүнчө албайт, ал жалпы жасалат. Азыр кыйналып жатабыз, оор болуп жатат. Азыр компот менен бир булочка бергенге мажбур болуп турабыз. Чындыкты ачык эле айтып жатпайбызбы. Мына Ысык-Ата районунда тендер алты жолу кайра жарыяланды. Арзан кезинде (азык-түлүк) жеп көрдүм, абдан даамдуу, жакшынакай жасалган тамак. Кымбаттагандан кийин да көрдүм, айла жоктон компот менен булочкага өттүк», - деди ал.

Билим берүү жана илим министринин орун басары билдиргендей, учурда өлкө боюнча 1735 мектептин ашканасы оңдолду. Бул жалпы мектептердин 60%ын түзөт. Калган 40% мектептин ашканалары 2023-жылга чейин оңдолуп, заманбап ашканага айланышы керек. Кыргызстандагы 278 мектептин ашканасын «Мерсико» уюму оңдоп берген.

Айтымында, учурда өлкө боюнча 1735 мектептин ашканасы оңдолду. Бул жалпы мектептердин 60 пайызын түзөт. Калган 40 пайыз мектептин ашканалары 2023-жылга чейин оңдолуп, заманбап ашканага айланышы керек. Кыргызстандагы 278 мектептин ашканасын «Мерсико» уюму оңдоп берген.