Бул тууралуу шаардын 2022-жылга карата бюджетинин долбоорунда айтылат. Документ БМКнын сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлду.
Долбоордо белгиленгендей, жергиликтүү бюджеттин эсебинен суткалык тамактануунун төмөнкүдөй ченемдери белгиленет:
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында нарктын жарымын муниципалитет, жарымын ата-энелер төлөйт:
- үч жашка чейинки балдарга — 50 сом;
- үч жаштан жети жашка чейинки балдарга – 60 сом;
- психикалык жана физикалык өнүгүүсүндөгү кемчилдиктери бар балдар үчүн – 120 сом;
- балдардын күнү-түнү болгон топтордо – 120 сом;
- кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада – 150 сом;
Билим берүү уюмдарында:
- жетим балдарга жана 5-7-класстардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына – 22 сом;
- 1-4-класстын балдары үчүн – 22 сом;
- психикалык жана физикалык өнүгүүсүндөгү кемчиликтери бар балдарга – 36 сом;
- Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборуна жана орто мектепте – №71 мектеп-интернатында жана №1 гимназия-интернатында – 220 сомдон.
Буга чейин борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева бала бакчалардагы тамак-аштын баасы 2011-жылдан бери
Булак: argument.kg