Жакшы нерсенин келиши кечеңдегени менен жаман нерсенин жугушу бат болот окшобойбу. Жакында эле Европа өлкөлөрүнөн чыккан Омикрон штаммы аттап-буттап Кыргызстанга да жете келди. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Январдын ортосунда Кыргызстанга келип калат”, - деген. Анын бул айтканы жакшы нерсени чыдамсыздык менен күтүп жатканындай эле түр калтырган болчу. “Көзү ачык” министрдин айтканы келди, январдын ортосунда Кыргызстанда илдет күч алып, Бишкек кызыл зонага киргизилди. Бирок таң калыштуусу, декабрдын башында эле январдын ортосунда ковиддин 4-толкуну башталаарын билишкени менен ага карата эч кандай даярдык көрүлбөгөнү болду. Тийиштүү тараптар беймарал, а илдет күчөгөндөн күчөп баратат.

18-январда Бишкектеги 15 мектеп жана бир бала бакча карантинге жабылганы маалым болду. Ага чейин окуу салттык режимде болоорун, кайсы мектеп же бала бакчадан ковид илдети менен ооругандар табылса, ошолор гана карантинге жабылаары айтылган. Бул деген жамандык келмейинче аракет жасалбайт дегендикпи? “Жоо кеткенден кийин кылычын кындан сууруган” бейгамдык калктын саламаттыгы тараза коюлган чакта да уланууда. Башкасын унутсак да, 2020-жылдын кара июлун унутууга акыбыз жок эмес беле. Калктын саламаттыгын камсыздоо КР Саламаттыкты сактоо министринин түз милдети, а бирок Алымкадыр Бейшеналиев кызматтык милдетин аткаруунун ордуна башка миссияны артынып алды – өлкөдөгү саясий кырдаалга баа берет, керектүү кишилерге жагалданат, кызмат ордунда узакка калуунун камылгасын көрөт. Ишинин маанисин так билбеген аткаминерлердин айынан эки жыл мурдагы илдет катуу күчөгөн оор күндөрдө канча деген жаран өмүрүнөн ажырады, дары-дармек табылбай, табылганынын баасы асмандын башында болуп, эл кара жанын калкалоого аргасыз болуп калган. Бул сапар да ошол багытка бараткандайбыз. Министрибиз өзүнүн “иши” менен алек, Министрлер кабинетинин дымы чыкпайт, илдетке каршы кандай чараларды көрүп жатканы белгисиз. Так ушул ковид менен күрөшүү жаатын жетектеген Эдил Байсаловдун да колу башка нерселерден бошобой жатат. Баары баш-оту менен саясатка кирип кетишкен, илдеттин бары-жогун унутта калтырышты.

А бул күндөрдө тийиштүү чаралардын жоктугунан эл кадимкидей жашоо кечирүүдө. Той-аш, маараке, салтанаттар күн сайын. 15 мектеп жабылганы менен калганы иштеп жатат. Ачыгын айтуу керек, ковид катталбаган бир дагы мектеп калган жок. Бирок  мектеп директорлору сугалактык кылып, санэпидстанциялар менен сүйлөшүп алып, орто окуу жайын жаппай калуу амалын көрүшүүдө. Себеби, мектеп жабылып кала турган болсо, кошумча төлөмдөр, ата-энелерден ар кандай шылтоо менен акча чогултуу токтойт, чөнтөктөрү бош калат! Анын үстүнө, мектеп окуучулары эл жыкжыйма болгон коомдук транспорт менен каттоодо.

Азыр кимден сураба, ооруп жатканын айтат. Чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек болчу. Же азыркы жетекчилер элдин баарын жалпы оорутуп, жалпы иммунитетти жараткылары келеби? Элдин саламаттыгы - улуттук коопсуздук маселеси, калкты илдетке жем кылып таштап коюу - улутка жасалган чыккынчылык.  Кеч боло электе ойгонгула!

 

Булак: “Майдан kg гезити