Бүгүн, 10-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 670 млн куб метрди түзгөнүн “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, суунун агып келиши секундасына 179 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 566 куб метрге жетүүдө.