Бишкектеги орто мектептерде беткап милдеттүү түрдө тагылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. 

"Ар бир мектепте дезинфекциялаган каражат салынган ковриктер болот, ар бир класска колду тазалоочу каражаттар коюлат. Беткат сөзсүз тагылат жана мугалимдер милдеттүү түрдө вакцина алышат. Эң башкы көйгөй - класстарда окуучулардын көптүгүнөн социалдык дистанция сактоо мүмкүн эмес. Көп мектептер үч смен менен окушат, төрт эсе көп толгон мектептер да бар", - деген Мозгачева бул маселе Министрлер кабинетине айтылганын белгиледи.