Кыргызстандын коргоо министрлигинин танкисттери 3-сентябрда Россиянын Москва районундагы Алабино полигонунда өткөн «Танк биатлону-2021» мелдешинин финалында биринчи орунду ээледи.
Жыл сайын өтүүчү бул мелдешке быйыл Африка, Азия жана Европадан 19 команда катышып, эки дивизионго бөлүнгөн. Кыргызстан экинчи дивизиондогу командалардын арасына кошулган.
Мелдештин эрежесине ылайык, эстафетанын финалына жарым финалдык эстафетада эң жакшы көрсөткүчкө ээ болгон төрт команда катышат. Экинчи дивизияда Кыргызстан, Мьянма, Тажикстан жана Түштүк Осетиянын аскерлери финалга чыгышкан.
Биатлондун бул баскычында ар бир танк экипажы 50 километрдик жолдогу тоскоолдуктарды жеңип өтүү менен 24 бутаны жок кылышы керек болчу. Кыргызстандын курама командасы тапшырманы мыкты көрсөткүчтө аткарган — танкисттер белгиленген аралыкты 2 саат 16 мүнөт 51 секундда басып өтүшкөн.
Тажикстандын командасы болсо тапшырманы үч мүнөткө кеч аткарып, экинчи орунга ээ болду. Ал эми үчүнчү орунга Мьянма курама командасы татыды.
Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи ошол эле күнү болду. Кубокту Орусиянын кургактагы аскерлеринин башкы командачысы, армиянын генералы Олег Салюков тапшырды.
Бул таймашта жеңишке жетүү менен кыргыз командасы биринчи дивизионго жолдомо алды. Кийинки жылы Кыргызстан Орусия, Казакстан жана Кытайдын командалары менен таймашат.
Баарынан да биздин танкист-жоокерлерибиздин жакында жерибизге бастырып кирип, кыркка жакын бейкүнөө жарандарыбызды өлтүрүп, бир миллиард сомдон ашык материалдык чыгым келтирген тажик армиясынан алдыга озуп, жеңип алгандыгы элибиздин намысын көтөрүп, дух берип койду.
Булак: “Майдан. kg” гезити