Белгилүү жаш манасчы Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын урматына Москва шаарында беш күн, беш түн же 111 саат “Манас” айтып, рекорд жаратты жана бүтүндөй кыргыз элинин духун көтөрүп койду. Ал мындан мурда, 2020-жылдын 12-ноябрында да Гиннестин рекорддор китебине каттатуу максатында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 14 саат 27 мүнөт тынбай "Манас" айткан. Бирок анын биринчи аракети рекорддор китебине расмий катталган эмес болчу.
Иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасы менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен өттү. Манасчы бул жолу рекорд менен гана чектелбей, Гиннестин рекоррддор китебине да катталууга аракет кылууда. Гиннес уюмунун жобосуна ылайык, бир сутканын ичинде эки сааттык гана тыныгуу берилет. Гиннес уюму менен сүйлөшүүлөрдү Солтобек Болотбеков жүргүзүүдө. Гиннес уюмунун талабына ылайык манасчынын ар бир кыймыл аракети 5 күн бою толук видео тасмага түшүрүлүүгө тийиш. Ошондой эле атайын илимпоздордун катышуусунда байкоо жүргүзүлүшү шарт. Уюштуруучулардын айтуусунда, бул ирет Гиннестин бардык талап-шарттары аткарылды.
Албетте, эгер Д.Сыдыковдун бул ирет дээрлик бир жума боюу “Манас” айтуусу Гиннестин рекорддор китебине кирип калса, элибиздин духу гана көтөрүлбөстөн, кылымдар боюу кыргыз элинин маданий рухунун туу чокусу болуп келаткан эпосубуз дагы бир бийиктикке көтөрүлмөкчү.
Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, бул күндөрү Д. Сыдыков “Манас” айтып жатканда Москвадагы кыргыздар улам кабар алышып, манасчыга колдоо көрсөтүү менен элибиздин ынтымагын, бир туунун астында мамлекетибизди түптөп жаткандыгыбызды далилдеп турушту.
Булак: “Майдан. kg” гезити