"Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоор Жогорку Кеңештин сайтына чыгарылды. 

Мыйзам долбоордо мугалимдерге сый акы берүү айтылган:

"1-берене

«Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-ж., N11, 638-ст.)

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

7-берене төмөнкүдөй он жетинчи жана он сегизинчи бөлүктөр менен толукталсын:

Жалпы билим берүү уюмдарында республикалык, эл аралык предметтик олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучуну даярдаган мугалимге үч айлык оклад сыйлык катары берилет.

Жалпы билим берүү уюмдарында он жылдан кем эмес иштеген мугалимге бир жолу төлөнүүчү 10 000 эсептик көрсөткүч сый акы берилет.

Сый акы берүүнүн тартиби Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.

2-берене

  1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин".