Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк майрамы – Көз карандысыздыктын 30 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктайм!
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон жылдан бери өз башынан далай кыйын сыноолорду өткөрдү. Бирок мамлекетибиз улам чыйралып, эркиндик туусун бийик көтөрүү менен кыйынчылыктардын баарын артта калтырды. Дүйнө өлкөлөрүнүн катарында эркиндикти сүйгөн жана демократиялык өлкөнүн үлгүсүн көрсөтө алды.
Биздин, кыргыз элинин милдети - Кыргызстандын демократиялык багытта дагы өсүп-өнүгүүсү, элдин мүдөө-талаптарынын орундалуусу үчүн ар дайым демократиялык багыттарыбыздан тайбашыбыз зарыл деп эсептейм. Көз карандысыздык - кыргыз элинин эң башкы байлыгы жана жетишкендиги! Ошондуктан өлкөбүздүн бүтүндүгүн, суверендүүлүгүн көздүн карегиндей сактап, эгемендүүлүктүн баа-баркына жете билели! Келечек муун өкүлдөрүнө, урпактарыбызга татыктуу өткөрүп берүүгө ар бирибиз өз салымыбызды кошолу, өлкөбүздүн келечеги үчүн кызмат кылалы!
Урматтуу кыргыз элим!
Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө тынчтык, амандык болсун. Кыргызстаныбызда туруктуулук болуп, эркиндик желеги желбиреп турсун. Дагы бир жолу Эгемендүүлүк майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Терең урматым менен Нургазы Анаркулов