Кыргызстанда 63 миң мугалим коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнү тууралуу  министрлер кабинетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ал өлкө аймагында 73 эмдөө пункту ачылып жатканын белгиледи. Ошондой эле, айтымында, дагы 20 миң мугалим эмдөөдөн өтсө жамааттык иммунитет пайда болот. 

“Учурда бардык аймактар эпидемиологиялык кырдаал боюнча “жашыл зонага” кирди. Окуу жайлар салттуу окутууга өтө алат. Эгер 15-сентябрда эпидемиологиялык кырдаал начарлап кетсе, анда окуу жайлар мурдагы алгоритм менен иштей баштайт. Жергиликтүү бийлик органдары окуу режими кандай түрдө болоорун чечет”, - деди министр.