Бишкек шаардык кеңешине болгон 11-июлдагы шайлоодо көз карандысыз байкоо жүргүзүүчүлөрдөн БШКга төрт арыз келип түшкөн.
БШКнын маалыматына караганда, арыз ээси "Жалпы иш" коомдук фонду Бишкектеги №1035, 1061, 1139, 1309 шайлоо участокторундагы добуш берүү процедурасынын бузулгандыгын белгилеген жана бузууларды шайлоо мыйзамдарына ылайык карап чыгууну суранган.
Ошондой эле, №1141 шайлоо участогунда добуштарды саноо так болбой калгандыктан, андагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.