Бишкек, “Саясат.kg”. Кинопродюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек

- Өмүрзак Жолдош уулу, Сиз, “Президент жана бомж”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү”, “Төңкөрүш” тасмаларынан кийин “Манастын уулу Семетейди” эл аралык кино долбоор катары тартууга киришкени турганыңызды, Кыргызстан тараптан колдоо үчүн президент Жапаровго кайрылганыңызды билдирген элеңиз. Садыр Нургожоевичтен жооп болдубу?

- “Манастын уулу Семетейди” тартуу тууралуу Кыргыз ССРинин Компартиясынын борбордук комитети менен өкмөтү 1939-жылы токтом кабыл алып, 1947-жылы Алматыда тартып башташып, токтогон экен. Мен сценарийди орус, англис, түрк, кытай тилдерине котортуп, эл аралык долбоор катары киришкени турганда пандемиядан улам иш токтоду. Президенттик шайлоонун астында Садыр Нургожо уулуна жолугуп, бул тарыхый кино долбоорду кенен талкууладык. Ал киши чын дили менген көмөктөшүү ниетин билдирди. Кудай буйруса, азыр тасманы тартууга кызуу даярдык көрүп атабыз.

- Узактыгы канча убакыттык кино болот жана качан элге тартууланмакчы?

- 2 жарым - 3 сааттык көркөм фильм. Буйруса, 3-4 айда көрөрмандарга тартуулоону болжоодобуз.

- Жалпы бюджети канча?

- Бир миллион доллар. Анын үчтөн бирин Казак, үчтөн бирин Орус, үчтөн бирин Кыргыз тарап көтөрмөкчү.

- Мамлекеттик бюджеттен каржыланабы?

- Жок. Эл аралык аренада ири долбоорлор менчик кино компаниялар тарабынан тартылып жүрөт. Орусиянын да менчик киностудиясы менен кызматташмакчыбыз. Кыргызстандан болсо, мамлекет башчысынын колдоосу менен бизнесмендер демөөрчүлүк жасашмакчы. Алар өнөктөш катары кызматташып, кошкон каражаттарын фильмди кинотеатрларга коюудан түшкөн каражаттан кайра кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

- Жапаров тууралуу даректүү тасма тарттыңыз. Ага кандайча кириштиңиз жана кимдер каржылады?

- Парламенттик шайлоо “а” деп башталган күндөн “Мекенчил” партиясынын штабында кыска видеоматериалдарды тартып кызматташтым. Президенттик шайлоонун астында буга дейре дээрлик 9 жыл Назарбаевдин кинооператору болгон, кийинки кездерде Москвада даректүү тасмаларды тартып жүргөн кесиптешим Николай Раисовго сунуштадым биздин лидер тууралуу эл аралык долбоор жасоону. Ал орус, англис, түрк, кытай тилдеринен которулуп көптөгөн өлкөлөрдө көрсөтүлдү. Каражат жагынан Жапаров да, анын штабы да эмес, жаш бизнесмендер, жаштар уюмунун лидерлери Марат Мамралиев, Каныбек Курманалиев колдошту.

- Жапаровго каршы пикирлер жаап, митингдер өтө баштады. Алгачкы каталыктары тууралуу оюңуз кандай?

- Иш болгон жерде каталык кетпей койбойт. Менимче, Садыке андай одоно каталыктарды кетире элек. Мурдагы бийлик мыкчыгерлери, коррупционерлер армиясы, алардын жакын-жаатттары, бийлик талашкандар арадай жерге чарадай ызы-чуу кылып атышат да. Мен буга чейинки биздин көптөгөн эл башчыларды жакшы билем. Садыр Нургожо уулу акыл-парасаттуу, билимдүү, адамгерчиликтүү ишмер, патриот инсан.

- Чет өлкөлөрдө да душмандары көп болуп атпайбы. "Кумтөр" аркылуу эл аралык ири күчтөрдүн куйругун баскан?

- “Кумтөрдүн” ээлеринин да дүйнөлүк абройлуу оппоненттери, каршылаштары бар. Мендеги эл аралык маалымат боюнча буйруса, эч бир державага көз карандысыз бийлик орногону жана мыкты жетекчиге ээ болгону үчүн Кыргызстанга дүйнөлүк  ири каржы булактарынан чоң инвестициялар бурулганы турат.

Сүрөттө: Чыгармачыл топтун курамы М.Мамралиев, Ө.Төлөбеков, Н.Раисов, Алыбаев (оператор) президент Садыр Жапаров менен