Бишкек, “Саясат.kg”.  Эстрада ырчысы Анжелика “Инстаграмдагы” баракчасына өзүнүн өткөн турмушу тууралуу жазды.

Анжелика мындай дейт:

“18 жашыма жарым жыл калганда өз макулдугум менен кыргыздын каада-салты менен турмушка чыктым. Үйгө келип сөйкө салып алып кетишти. Эч нерсе түшүнгөн жокмун. Алты саат жол жүрдүк. Ызы-чуу, унаанын эшиги сынып калчудай ачып-жаап жатышты. Көрсө, жеңелер көрүндүк сурайт экен. 20 саат көшөгө артында кыймылдабай отурдум. Салттарыбыз аша чаап кетет кээде. Бир жыл бою азыр карантинде отургандай эле мектепте окуган кайнилеримди багып, үй оокатынан башымды көтөргөн жокмун. Ата-энемди сагынып ыйлап жүрдүм. “Эмне үчүн боюңда жок?” деген суроо үч айдан соң эле башталган… 

Кудай жалгап төртүнчү айда кызыктай болуп баштадым. Майлуу тамак көрсөм ыйлайм. Уккан сөзүм: “Сен тийгенге чейин жакшы эле болчуң, ушундай обу жок турбайсыңбы…”. Же өзүмдү түшүнбөйм. Жашагым дагы келбей кетчү. 9 ай “дарбыз” менен чара, казан көтөрүп жүрүп, жүздөн банка жаап, эки маал пол жууп, эшикке төшөк жайып, килем күүп, күйөөмдү көрбөй (Москвада болот) үй жумушчу эле болдум. 

Бир күнү жыла албай калдым. Катуу шишип кеттим. Акыркы ай апамдын үч өлчөм чоң кийимдери менен күндөрүм өттү. 18 саат кыйналып операцияга макул болдум. Айымка тентегим туурасынан жатып алыптыр. Ушинтип көз жумат экенмин да деп анда да ыйладым. Ийгиликтүү өтүп баары, бирок, үч күн башым көтөргүс ооруду. “Күйөөсү жок ыйлап жатат” деп жатышты. Азыр ойлосом андагы Анжелика үн катпаган жоош эле. Атам келип Айымды көтөрүп чыгарып кетти. Себеби, менин уруксатымды алып Айымдын атасы апасын ажылыкка алып кеткен. Ичимен кызым дагы кийин бизди баккан кыздардан болсун дедим. Бир жылда Айымканын атынан Айым-style салону ачылды. Экинчи жылы ырдагым келди. Себеби, бардык ырларымды радио-телеканалдардан алдырып салган мага “бакыт каалагандар”. Уландысын китебимден окуйсуздар...”