Бул тууралуу 7-февралда Германиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Элчиликтин маалыматына караганда, 10-февралда Улуттук консерваторияда Бишкек мэриясынын симфониялык оркестри, консерватория менен Улуттук опера жана балет театрынын биргелешкен хору жана башка бир катар аткаруучулар немис, француз жана кыргыз музыкасын ойношот.

Ахен келишиминин бир жылдыгына арналган маданий иш-чараны Германиянын жана Франциянын элчиликтери уюштурууда.

2019-жылдын 22-январында Германиянын Ахен шаарында немис жана француз лидерлери эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшкан.

Концертке каалоочулар келип, акыркы 300 жылдагы белгилүү музыкалык чыгармаларды угуп кетсе болот.

Кирүү акысыз.

Булак: Elgezit.kg