Кыргызстандык кыздын чыйыры 

 

Фатима табылгасына апкаарый түштү: колунда ичи ири купюраларга, жүз миңдеген долларга жазылган чектерге толгон капчык. Андагы визиткага жакшылап көз жүгүртсө, намыян Samsung ишканасынын топ-менеджерине таандык болуп чыкпаспы! 30 жаштагы Фатима Жумабаеванын сыймыктанар жөнү бар: Кыргызстанда төрт дүкөн ачып, анын ысымын алган атырды Chanel менен Dior кызматташкан компания чыгарат. Балким Сеулдун көчөсүнөн акча толгон капчык таап алышы бул кыздын тагдырындагы бурулуш болгондур.

 

- Кепти бала чагыңыздан баштасак…

 

- Таласта, үйдө үчүнчү – эң кенже кыз болуп төрөлгөм. Атам мени аябай эркелетип чоңойткон. Соода менен алектенчү, азык-түлүк жана башка нерселерди сатчу. Менин жеке бизнес түптөшүмдү каалар эле. Кичинемде атам акчаны мага эсептеттирчү. Мен чоң жоопкерчилик менен сомдорду бирден иреттеп чыкчумун.

 

- Өзүңүз качан акча таба баштадыңыз?

 

- 8-класста окуп жүргөнүмдө. Атам Москвага барган, туулган күнүмө белек катары пленка салынчу фотоаппарат ала келишин сурандым. Курбуларымды сүрөткө тарта баштадым, чыгарылган бир сүрөт 20 сом турчу. Тапкан акчама Polaroid сатып алдым: ага тартылган сүрөт дароо чыкчу эмес беле. Андай сүрөттөр 50 сомдон сатылчу.

 

- Бишкекке кандайча келдиңиз?

 

- Бишкек гуманитардык университетине чет тилдер факультетине тапшыргам. Кийин бизнес башкарууну өздөштүрүү үчүн которулуп алгам. Бир аз окуган соң эле, 18 жашымда сынактан өтүп, Түштүк Кореяга окууга кеттим.

 

- Он сегиз жашыңыздабы?! Ата-энеңиз бул чечимиңизге кандай карашты?

 

- “Эрке, кенже кыз, ал жакта көпкө чыдай албайт”- деп алгач мага эч ким ишенген жок. Апам “эки аптадан кийин эле мени келет”- деп күтүп жүрдү. Бирок антип жеңилип бермек эмесмин. Бишкектен эле мага корей тилин үйрөткөн Наташа деген кызды таап алгам. Аз болсо да сүрөткө тартып топтогон акчам Наташанын курсуна төлөөгө жетти. Күн сайын үч сааттан тил үйрөнүү үчүн ага 600 сомдон төлөчүмүн. Чынын айтсам, анда ал сумма мен үчүн чоң акча болчу. Салыштыруу үчүн кошумчалайын, ата-энем мага күнүнө 100 сомдон берээр эле.

 

 

- Сеулдун аэропортунда учактан түшкөнүңүздөгү абалыңыз азыр эсиңиздеби?

 

- Бакытка балкып тургам! Таксиде баратып, чар тараптан көз айырган эмесмин. Шаарга жетерим менен башыма кепка сатып алдым. Ал жакта баары кепка кийишет. Адеп тилди жакшы билбегеним үчүн кыйын эле болду. Бирок аракет кылсаң, баары жолго салынат…

 

Сеулда бир кызык окуяга кабылдым. Колледжден жөө кайтып келаткам, үйдү сагынып, көңүлүм чөгүңкү болчу. Карасам эле жолдо бир капчык жатат. Ачтым, ичиндеги акчаны айтпаңыз, жүз, эки жүз миңдеген долларга берилген чектер да бар! Документ, визиткалар да көп.

 

Аларды карап жатып, капчыктын Samsung компаниясынын топ-менеджериники экенин билдим. Дароо телефон чалдым, ал дароо келерин айтты. Корей салты боюнча ал мырза менин курсагым ачка эмеспи деп сурады. “Жок” деп жалган жооп кайтардым сыпайы гана. Жашоом тууралуу сурап, колледжде билим аларымды билди. Бир аздан соң “биздин ишканада иштегиң келеби?”- дейт. Албетте, иштегим келген. Бирок ал жакка колледждин студенттерин алчу эмес…

 

Капчыктын ээси документтерин кайра жасатууга көп каражат коротмоктугун айтып 500 доллар сунду. Эртеси күнү ал киши мени үй-бүлөсү менен кечки тамактанууга чакырды. Ошол жолугушуу менин турмушумду башка нукка бурду! Биринчиден, ал мени жумушка алды. Анан да 4000 кызматкердин арасында жалгыз чет элдик кыз мен болчумун.

 

Ошентип аябай жакшы жумушка кирдим: атайын бир аппарат менен телефондордун жараксыз-жарактуулугун текшерчүмүн. Маянам 700 доллар, ал эми сарптаганым ашып кетсе - 200, калганын топтой бердим.

 

Экинчиден, анын жубайы мага аябай сонун корей косметикасынын топтомун белек кылды. Эч качан андайды колдонуп көрбөгөнүмдү ага ачык эле айттым. Ар бир кутусу эмнеге колдонуларын эринбей кенен түшүндүрүп берди. Ошондо биринчи ирет андай кооздукка кабылгам. Албетте, баарын толук колдонгон жокмун, бир бөлүгүн апама да белек кылгам.

 

- Кыргызстанга эмнеге кайттыңыз? Кореяда деле иштеп, балким, турмушка чыгып калмактырсыз…

 

- Бул суроону мага баары берип чыкты. Ата-энем кайтуумду өтүндү. Башта депрессияга кирдим. Кореяда үч жыл жашап, Кыргызстандагы турмушка көнбөй калыпмын, келерим менен ооруканага түшкөм.

 

- Кандайча?

 

- Кореяда негизинен жашылча, күрүч менен тамактанчумун, Кыргызстанга келсем, мага кой союп беришет. Ашказаным андайды көтөрө албады көрүнөт. Досторум деле калбаптыр, өзүмдү абдан чоочун сезип жүрдүм. Дүкөндөргө киргенде адатымча сатуучуларга ийилип учурашам, коштошом, алар мени бир башкача карап кала беришет.

 

Иш табуу кыйынга турган жок. 2008-жылы Кыргызстанда түштүк кореялык ишканалар абдан көп ачылып, ал эми котормочулар жокко эсе болчу. Мага аябай жакшы төлөшчү - айына 1500 долларга чейин тапчумун. Казакстанга көп барып турчумун, көргөзмөлөрдө жакшы акы алчумун. Бир күндүк ишке 200 доллар төлөшчү. Бирок акча мени шыктандыра албады.

 

Швецияда бир курбум жашачу. Ал бир жолу: "Мага келип кет!" — деп жазды. Эмнеге болбосун дедим да, Стокгольмго бет алдым.

 

- Кандай таасир калтырды ал калаа?

 

- Шведдер абдан тынч калк келет экен. Негизи эле Стокгольм өзү абдан жай, тынч шаар. Курска барып, тил үйрөнө баштадым. Эки айдан кийин иш издешим керектигин аңдадым. Курбум аэропорттун мейманканасынын кабыл алуу бөлүмүндө иштечү. Биздин үйдүн жанында мен дайым соода кылган бир дүкөн бар эле. Бир ирет жөн гана сатуучудан жумуш бар-жогуна кызыгып сурап калдым. Көрсө, аларга кызматкер керек экен.

 

Башта азык-түлүктү текчелерге тизип чыкчумун, кийин мөөнөтү эскирген азыктардын сатылбашына көз салып калдым. Ошентип бир жарым жыл иштедим.

 

- Кыргызстандан экендигиңизди уккан адамдар кандай кабыл алышчу эле?

 

- "Казакстан? Ал эмеспи? Чыңгызхан?!" деп кайра-кайра тактай сурашчу. Буга аябай кыжырым кайначу. Кайтаар-кайтканча өлкөм кайсы экенин түшүндүрүп, картадан көрсөтө берер элем. Эмнеге биздин мектеп окуучуларынан тарта кымындай өлкө болсо да ар бирин билет, эмнеге алардын кабары жок!?

 

Курбуларым: "Неге мынча өжөрлөнө түшүндүрүп жатасың?" – деп таң калышчу. Бирок эгер жүз киши билсе, алар дагы башкаларга айтып берет да, чынбы? Ошентип акырындап Кыргызстан тууралуу башка эл да биле баштайт.

 

- Чет жакта колуңузду сурагандар көп кездешеби?

 

- Колумду сурагандар абдан көп болду. Алтургай, швед тилин үйрөткөн ыктыярчы да ага турмушка чыгуумду суранды. Мен макул болбодум. Бала чагымдан отуз жаштан өткөндө гана күйөөгө чыгам дечүмүн. Анан да өз жигиттерибиз менен эле үй-бүлө курган жакшы менимче.

 

- Бул жакка кантип кайтып калдыңыз?

 

- Атам "жетишет, болду, кел" деди. Кайттым, келерим менен сумка сатылчу дүкөн ачтым. Бизнес акырындап жүрүп жаткан. Кыргызстанга бир таанышым Кореядан косметика ала келиптир. Мага сунуштап калды. Сатып алдым. Курбуларым да билип калып, менден бир нече куту сатып алышты. Баасы деле кымбат эмес, 200-300 сом эле турчу. Кийин телефон чалып “дагы барбы?” деп сурап жатышты. Агезде корей косметикасы эч жерде сатылчу эмес.

 

Бул тегин жерден эмес экенин аңдадым! Интернеттен түштүк кореялык бир белгилүү компаниянын маалыматтарын таптым. Алар мени Кореяга чакырышты. Бизнес-план түзүп алып, Сеулга учуп кеттим. Мени аябай жакшы тосуп алышты, алтургай, котормочу да жалдашыптыр. “Ырахмат, сиздин кызматыңыздын зарылдыгы жок, мен корейче сүйлөйм”- дедим ал кызга. Ошентип тез тил табышып кеттик!

 

Дароо эле алардын расмий өкүлү (таркатуучусу) болгум келерин айттым. “Колуңуздан келеби, жапжаш экенсиз”- деп шектеништи алар. Анда 26 гана жашта болчумун.

 

Алар мага баарын үйрөтүштү, ошентип биринчи дүкөнүмдү ачтым. Азыркы тапта Россия, Казакстан менен иш алпарам, Польшага да чыгууну пландоодомун. Төртүнчү дүкөндү ачып жатам.

 

- Өз атырыңызды кандайча чыгарып калдыңыз?

 

- Дайым өздүк бир нерсе жараткым келчү. Бир-эки жыл мурун Токиого иштер менен барып калдым. Көргөзмөдө бардык дүйнөлүк үлгүлөр, анын ичинде Dior, Chanel үчүн да жыпар жыттарды чыгарган компаниянын кызматкери менен таанышкам…

 

Кийин ал мага “кел, сенин атырыңды чыгаралы”- деп жазып калды. Адегенде ошондой кантип болсун деп баш тарттым. Эки жыл өткөндөн кийин шыктандыруучу бир китеп колума тийди. Аны ийне-жибине чейин окуп чыгып, баягы кишинин дарегин кайра таап “кел, аракет кылып көрөбүз!” деп жаздым. Ошентип Fatima деген атырды чыгарып калдык.

 

Алар мага жөнөткөн 200дүн тегерегинде жыттын арасынан тандоомду өтүнүшкөн. Бул аябай татаал экен.

 

- Кымбатка түштүбү?

 

- Ооба. Өзүм тапкан каражатка сатып алган 2016-жылкы Lexus 570 үлгүсүндөгү унаамды сатууга туура келди. Чынын айтсам, баягы көргөзмөдө таанышкан киши кайсы жыпар жытка токтолуума көмөкчү болду.

 

- Бизде сиздин атырыңызды кандай кабылдашты?

 

- Мен таңгалдым, бирок элге жакты! Аларды азыр Казакстанга да жөнөтөм. Албетте, нааразы болгондор да жок эмес. Бир жолу сатуучу кызым кардарлардын бири атырды колуна кармалап “фу, бул эмне Францияныкы эмеспи?” дегенин айтып көңүлүн чөгөрүп алыптыр. Мындайлар да чыгат.

 

- Балдарга көмөк көрсөтүүңүзгө эмне түрткү болгон?

 

- Колуңдан келишинче дайым жардам бериш керек! Балдар үйүнө, муктаж болгондорго кирешебиздин он пайызын беребиз деп чечкенбиз.

 

- Алдыда пландарыңыз кандай?

 

- “Эмнеге турмушка чыга элексиң?”- деп көп сурашат. Буюрса, май айында 31ге толом. Мурда чындап убактым деле болчу эмес. Дүйнө кыдырдым, бутка турдум. Эми үй-бүлө күтүп, балалуу болууга жетилдим деп ойлойм.

 

Булак: Sputnik.kg