Жаңы Конституция үчүн шайлоочулардын 78,9%ы «макул» деген добуш беришти.

Бул үкөктөрдөгү добуштарды автоматтык түрдө эсептөөнүн натыйжасында алынган алгачкы жыйынтыктар.

Маалыматка ылайык, 1 миң 444 шайлоо тилкесинин жыйынтыктары боюнча шайлоочулардын 73%дан ашууну “макул” деп, ал эми 13,43 %ы "каршы" добуш берген.

Саат 18:00гө карата Конституция боюнча референдумга 1 млн 61 миң 591 шайлоочу добуш берди.

Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.