Президенттик шайлоо: 11-январдагы жыйынтык

 Бүгүн, 11-январда Бишкектеги маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат берип жатат. Анын маалыматы боюнча, мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо 1 409 422 жаран бюллетень алган.

Алардын ичинен:

- 1 397 725 (99,17%) даанасы жарактуу;

- 11 697 (0,83%) даанасы жараксыз болду.

Ал эми 18 605 жаран шайлоо тилкесинен тышкары аймакта добуш берген.

Азыркы сааттарга карата болжолдуу жыйынтык (автоматтык урналардын негизинде):

  • Садыр Жапаров — 1 116 028 / 79,19%
  • Канат Исаев — 8 207 / 0,58%
  • Арстанбек Мыктыбек — 23 618 / 1,68%
  • Клара Сооронкулова — 14 105 / 1%
  • Имамидин Ташов — 16 724 / 1,19%
  • Абдил Сегизбаев — 20 805 / 1,48%
  • Адахан Мадумаров — 94 278 / 6,69%
  • Аймен Касенов — 12 861 / 0,91%
  • Улугбек Кочкоров — 9 432 / 0,67%
  • Жеңишбек Байгуттиев — 1 342 / 0,1%
  • Эльдар Абакиров — 7 052 / 0,5%
  • Курсан Асанов — 7 072 / 0,5%
  • Арстан Абдылдаев — 1 158 / 0,8%
  • Равшан Жээнбеков — 2 683 / 0,19%
  • Бакыт Калмаматов — 6 999 / 0,5%
  • Бабыржан Төлбаев — 33 630 / 2,39%
  • Каныбек Иманалиев — 2506 / 0,18%
  • Баарына каршы — 19 225 / 1,36%.

Булак: Баракелде