Бишкек, "Саясат. kg". Сурамжылоо кандай жүрүп жатат?
Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Добуш берүүнүн жыйынтыкталышына саналуу саат калды. Бул учурда "Саясат. kg" маалыматтык-аналитикалык порталынын кызматкерлери өлкө боюнча экзит-полл жүргүзүүдө.
Алардын айтымына караганда, шайлоого эл маанайы көтөрүңкү келип жатышат. Берилген суроолорго чын дилдеринен жооп беришти. Сурамжылоонун жүрүшүнө кызыгышууда, айрыкча улуу муундун өкүлдөрү. А жаштар иликтөө агенттигинин QR кодун сканирлеп алышууда. Ошондой эле, сурамжылоого катышкандар анын жыйынтыгы кайда жарыяланаарын сурашкан.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча 2465 шайлоо участокторунан 243ү добуш берүүдөн кийин сурамжылоо жүргүзүүгө тандалып алынган. Шайлоо участоктору бир катар факторлордун негизинде тандалды, алар: мурдагы шайлоолордогу добуш берүүдөгү өзгөчөлүк, аймак (2 чоң шаар, 7 облус), шайлоочулардын саны жана аймактын тиби (шаардык, айылдык).
Сурамжылоодо эки суроо беришет:
- “Кандай башкаруу формасын тандайсыз?”
- “Кайсы талапкерге добуш бердиңиз?”





