Талант Мамытов добуш берди

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов бүгүн, 10-январда Бишкек шаарындагы 1053-шайлоо тилкесинде добуш берип кеткенин участкалык шайлоо комиссиясынан «Азаттыкка» билдиришти. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү Талант Мамытов журналисттердин катышуусунда добуш бербей турганын 9-январда маалымдаган.

Кабарчыбыздын маалыматына караганда, ушул эле шайлоо тилкесинде президенттикке талапкер, шайлоого байланыштуу премьер-министрлик кызматын өткөрүп берген Садыр Жапаров да добуш берет.

Булак: Элгезит