Форма-2 жок, жарандар катталган жеринен добуш берет, - вице-премьер-министр

Бул шайлоодо форма-2 деген болбойт, деди вице-премьер-министр Максат Мамытканов бүгүн, 23-декабрдагы маалымат жыйында.

«Ошол форма-2 боюнча көп талкуулар чыккан. Бирок саясий чечим кабыл алынды. Биздин жарандар шайлоочулардын тизмесине өздөрүнүн катталган дареги менен киргизилди. Бирок көпчүлүк жарандар өздөрүнүн катталган дареги менен жашабайт экен. Ошол үчүн маселе туулуп жатат. Аларга биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди М.Мамытканов.

Анын айтымында, №2 форма жок болгондуктан жарандар шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн өздөрүнүн паспортундагы дарегине барып, шайлоочулардын тизмесине катталып, ошол жерден добуш бериши керек.

«Мурунку шайлоодогу эң чоң мыйзам бузуу ошол форма-2ден келип чыккан. Ошонун кесепетинен эл нааразы болуп, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган болчу. Демек, бул шайлоодо мурунку эң чоң катачылык кайталанбайт. Бул саясий чечим. Бүткүл кыргыз эли муну түшүнүшү керек», - деди ал.

Максат Мамытканов жашаган жери боюнча 3 миллион 778 миң 151 шайлоочу катталганын, анын ичинен 3 миллион 544 миң 503 адам шайлоочулардын тизмесине киргизилгенин кошумчалады.

Булак: Баракелде