Адам деген чоң көчөдө өзүнчө баратып, мүдүрүлүп, тайып кетсе деле ал үчүн бирөөлөрдү айыптагысы келип турат.

 

ШАЙЛОО ТАЗА БОЛДУ,  БИРОК...

Реалдуу абалды моюндоо керек

28-ноябрда КРнын Жогорку Кеңешине аралаш системадагы шайлоо өткөрүлдү. Аны Кыргызстандын эски, жаңы тарыхтарындагы таза шайлоо болду деп айтса болот. Албетте, жарышта, сынакта уткандар менен бирге утулгандар да болот, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш, парламентте 90 орун болсо, ага 1,5 миңге жакын талапкер ат салышты. Алардын ар кимиси ал-акыбалдарынын жетишинче уюштуруу, үгүт иштерине акчаларын чачышты. Үч ай бою бийик үмүт менен жашап келгендердин эңсеген-күткөндөрүнүн баары таш каап, заматта тешик тепшини кучактап отуруп калган абалга психологиялык жактан дароо көнүүлөрү да кыйын. Адам деген чоң көчөдө өзүнчө баратып, мүдүрүлүп, тайып кетсе деле ал үчүн бирөөлөрдү айыптагысы келип турат. Анын сыңарындай, айрым талапкерлер ыза, ачуу менен алгач ачуу сөздөрдү айтып жиберишсе да акыл калчап, таразалап, пас-пастап, БШКнын, бийликтин калыс, таза шайлоо өткөргөнүн моюндоолору зарыл.

Автоматтык эсептөөнүн жыйынтыктары неге кол менен эсептегенге шайкеш келбей жатат?

Парламенттик шайлоодой улуттук масштабдагы чоң саясый кампания түгүл, жамааттык деңгээлдеги иш-чараларда деле айрым мүчүлүштүктөр, кемчиликтер болбой койбойт. Бул шайлоодо да добуш берүү учурунда айрым участоктордо бир нече саат электр жарыгы болбой калганы, БШКнын борбордук серверинде үзгүлтүктөр болгону жөнүндө айтылууда. Эң түшүнүксүзү, автоматтык эсептөөлөрдүн жыйынтыктарынын кол менен эсептегендин жыйынтыктарына дал келбегени болууда. Автоматтык эсептөөнун жыйынтыктары боюнча “Ата-Журт”, Альянс, “Бүтүн Кыргызстан, “Ыйман нуру”, “Ынтымак”, Ишеним” партиялары алдыга чыкса, кол менен эсептөөлөрдө “Бүтүн Кыргызстан” босоголук чектен артка жылып, утуучулардын катарына “Эл үмүтү”  партиясы кошулду. Кол менен эсептөөлөр илгерилеген сайын “Бүтүн Кыргызстан” менен “Азаттыктын колдоочулары көбөйүп, босоголук чекке кайра жакындап баратышат. Бирок, алар андан аттай алышабы, босогонун  сыртында калышабы, ал тууралуу бюллетендер толук кол менен эсептелип чыккандан кийин гана айтууга болот. Ага дагы 1 жумага жакын убакыт бар. Бюллетендер ушул жуманын аягына чейин толук эсептелиши  мүмкүн, бирок мыйзамга ылайык, эсептөөнүн жыйынтыгы 16-ноябрга чейин аягына чыгарылуусу зарыл. Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы менен азыркы  абал көп деле өзгөрбөй калышы  мүмкүн. Балким, мандаттан куржалак калдык деп маанайлары чөккөн партиялар 5 пайыздык чекти өтүп, жеңишке жетип калуулары  да ыктымал.  
Коопсуздук кенешинин катчысы М.Иманкулов БШКнын серверине хакердик чабуул болгонун билдирди. Добуш берүү учурундагы андагы үзгүлтүк хакердик чабуулдан болушу толук ыктымал. Айрым хакерлер  АКШнын шайлоолоруна чабуул жасап жатышканда Кыргызстан эмне болуп калыптыр. Анын болгону же болбогону толугу менен кол менен эсептеп чыгуулардын жыйынтыктары боюнча гана аныкталат.
Парламенттик шайлоо негизинен калыс, таза, мыйзам чегинде өткөнүн жалпы калайык  калк көрүп турду, ага айрым кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылган аутсайдерлер өздөрү да күбө болушту. Мурдагы шайлоолорго мүнөздүү болгон добуштарды сатып алуу, “карусель” катталбады, админресурстар пайдаланылган жок,  №2-форма колдонулбады. Артистерди жалдап ырдатып, бийлетип, таңгак-таңгак үгүт материалдарын таркатуу болбоду. Бул жагынан 28-ноябрдагы шайлоо мыйзам чегинде өтө жупуну, кийинкилерге үлгү болгудай  маани-мазмунда өткөрүлдү.

Күркүлдөрдүн эмес, харизмалуулардын парламенти болобу? 

Бул шайлоодо мурдагы шайлоолордогудай акча негизги ролду ойнободу. Дайыма калыс сөзүн айтып көнгөн Дастан Бекешов харизмасы менен акчалуу, погондуу, байланышы чоң генерал Мелис Турганбаевди оңой эле утту. “Ютубда” 346 миң жазылуучусу бар, жылаңач баатыр  Эрулан Көкүлөв 17 миң добуш алып, атаандаштарынын баарын артка калтырды. Салымбековдордой, Абдыкеримовдой күркүлдөрү  болбогон менен ынтымактары, биримдиктери аркылуу кичинекей Ак-Талаа районунда жашагандар 2 депутатты чыгарышты. Өздөрүнө жетерлик тиричиликтери болгон менен ашыкча акчалары жок журналисттер: Нурланбек Шакиев, Мирбек Самыйкожо чечендиктери, харизмалары аркылуу  Аксыдан, Кочкордон шайланышты. Эгерде мурдагы шайлоолордогудай, массалык түрдө добуштарды сатып алуу  болсо, бул экөөсүнө мандат тиймек түгүл, анын жыты да урмак эмес. Чечендиги, харизмасы менен жан багып келген Адахан Мадумаров өзүнүн “Бүтүн Кыргызстаны” менен  босогонун алдында турат... Шайлоо калыс, таза болгондон аймагындагы акчалуу, таасирдүү  күчтүү кландын өкүлү, Министрлер кабинетинин экс-төрагасы  Улукбек  Мариповдун иниси өтпөй калды. Эгерде административдик ресурстардын таасири болсо, Алмаз Атамбаевдин баласы Сеидбек Атамбаев да өтмөк эмес.
Жыйынтыктаганда, бул парламент мурдагылардай, күркүлдөрдүн, тектүүлөрдүн  эмес, негизинен элдин каалоосуна, маанайына ылайык келген инсандар топтолгон, өлкөдөгү саясый, социалдык жана психологиялык  кырдаалды адекваттуу чагылдырган  парламент болот окшоп калды. 
    
Кемчиликтер, башкарууга кыйын парламент

Добуш берүүдө бир бюллетенге партияларды тизмелеп, анын түбүнө аты-жөнү жок 54 уячаны жайгаштыруу шайлоочулардын баштарын айландырып, көптөгөн добуштарды адаштырып, текке кетирди. Парттизмелер боюнча бюллетенге 21 партия киргизилди, анын ар биринен 54төн талапкер болсо, алардын аты жөндөрү жазылбастан катар номерлери гана коюлду. Бирок, ар партиядагы 54төн адамды же 594 талапкердин аты жөндөрүн, катар номерин ким жаттап жүрөт?  Эгерде шайлоочулар алдын ала бир партияны, андагы бир талапкерди тандап алып, анын аты-жөнүн номерин жаттап алса, бул ыкмада адашпайт. Бирок, элдин көбү саясатка кызыкпайт, көбү кимге добуш берерин өздөрү деле билишпейт, анан шайлоо болгон күнү  урналарга барып, тааныш фамилиялардын бирине белги коюп салышат. Эгерде алдын ала акча таркатылса, анда алардын ар бирине алакандай кагазга баарын жазып беришмек. Акча таркатылбады, демек, шайлоочулардын сезилерлик бөлүгү конкреттүү кимге добуш бергенин өздөрү деле билбей калышты. Шайлоого элдин аз келгени,“баардыгына каршы”, жараксыз  добуштардын өтө көп болгону, биринчи, ушуну менен түшүндүрүлсө, экинчи жагынан, мурда “колуштукка” көнгөндөргө эч нерсе тийбегенден кийин, кыжырлана “Баарына каршы” дегенди белгилеп салышты окшойт.
Айрым татыктуу партиялар, талапкерлер тактикадан да жаңылышты. Эгерде Мелис  Мырзакматов Оштогу бир мандатту округдан койсо, кандай атаандашты болбосун жеңмек. Өмүрбек Текебаев да амбициясын ооздуктап, Адахан Мадумаровдой өз тизмесине аттуу-баштуулардан да  киргизсе, босоголук чектен ашып түшмөк. Болот Ибрагимов партия менен барса, 6 миң добушу талаага кетпейт эле. Замир Сыргабаев  деле ошентмек. “Багыт” менен “Мекенчил эл” биригишкенде, жолдору ачылганга чоң шансы болмок.

БШК кандай чечим чыгарат?

Ошентип, шайлоо негизинен таза, калыс болгон менен автоматташтырылган эсептөөлөрдүн жыйынтыктары менен кол менен эсептөөлөрдүн жыйыктарынын эки ачак болуп баратканы талапкерлерди гана эмес, жалпы элди да ойлондурууда, тычсыздандырууда. Алар сырткы күчтөрдүн хакердик чабуулдарынан улам ошондой болуудабы?  Же...
Негизги укуктук күчкө  кол менен эсептөөлөрдүн жыйынтыктары ээ болот. Демек, ал иш аяктагыча ашыкпай коё турганыбыз оң.  Бирок, азыр эле эл арасында: “эгерде автоматташтырылган эсептөө дегенден олуттуу ката кетсе, сырткы хакердик чабууулдарга туруштук бере албаса, миллиондогон каражаттарды  чыгымдап, аларды сатып алып, орнотууну кандай     кажети бар эле? - деген суроолор туулуп жатканы чындык. Баары бир шайлоонун акыркы жыйынтыктары кол менен эсептегенден кийин чыгарылса, автоматташтырылган оюндарды мындан ары колдонуунун зарылдыгы барбы? Эгерде автоматташтырылган эсептөөлөр менен кол менен эсептөөлөрдүн ортосунда айрымачылыктар чоң болсо, анда  БШК кандай чечим кабыл алат? Кайрадан шайлоо өткөрүү зарылдыгын айтышабы же кол менен эсептөөнүн жыйынтыгын таанууга чакырабы? Кол менен эсептөөнү талап кылган партиялар андан кийин деле парламент мандаттарга жетпей калышса, жеңилгендерин моюндашабы? Же кайра шайлоону талап кылышып, жеңилген күрөшкө тойбойт болушабы? Бир манадаттуу округдан 36 өкүл келди, көп мандаттуу формада  бир да партия басымдуу көпчүлүккө ээ боло албады. Эми парламенттин ишин уюштуруп, алып баруу кандай болор экен? Базардагыдай кайым айтышуулардан, талаш-тартыштардан баштары чыкпай отура беришеби?
Бир сөз менен айтканда, шайлоо аяктаган менен ойлондура турган маселелер өтө эле көп болуп баратат...
 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №36 (520), 01.12.2021-жыл