Бишкек, "Саясат. kg". Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөндөн кийин анын курамы жана андагы талапкерлердин жайгашуу тартиби өзгөртүлбөйт.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тийиштүү документтерди берүү аяктады. 

Мыйзамга ылайык, саясий партия бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54 талапкерден ашпаган санда талапкерлердин тизмесин көрсөтө алат, бул учурда ал төмөнкүдөй өкүлчүлүктү эске алууга тийиш: 

- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;

- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

- ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

- кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн жана саясий партиянын колу коюлган, мөөрү басылган талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүлөт. 

Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөндөн кийин анын курамы жана андагы талапкерлердин жайгашуу тартиби өзгөртүлбөйт.  Талапкер талапкерлердин тизмесинен чыгып кеткен учурда мурунку талапкердин номери башка талапкер тарабынан толукталбайт. 

Тизмелерин 21 саясий партия көрсөттү. Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны – 1 046 талапкер. Алардын ичинен 669 – эркек, 377 – аял.

Майыптыгы бар талапкерлердин саны – 46, 189 талапкер – башка улуттун өкүлдөрү, 267 талапкердин жаш курагы 35тен ашпайт. 

2021-жылдын 29-октябрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтердин мыйзамдарга ылайык келүүсүн текшерүүдөн өткөрөт.