Преференциялык добуш берүү деген эмне?

Алдыдагы парламенттик шайлоо уюштуруп, өткөрүү жагынан гана эмес, жыйынтыктарын чыгарууда да өзгөчө татаал боло тургандыгы азыртан эле белгилүү болууда. Жаңыдан киргизилген преференциялык добуш берүү деген БШКны, участкалык шайлоо комиссияларын гана эмес, шайлоочулардын да баштарын айландырып, түйшүккө салганы турат. Преференциялык добуш берүү деген эмне?

 Партиялардын ар бири БШКга 54төн талапкердин тизмесин бе¬ришет, ал тизме бюллетенге киргизилет. Мурда шайлоочулар партиялардын бири үчүн эле дүңүнөн добуш беришсе, эми бюллетендеги тизмелерден өзү жактырган талапкерди таап, аны да белгилөөсү керек.  Эгерде бюллетенге 15 партия киргизилсе, алардын жалпы тизмесине киргизилгендердин саны 700 талапкер болот. Шайлоочулардын арасында өмүрүндө бир барак кагазды жакшылап карабагандар, тутам кагазды көргөндө баштары айланып кала тургандар, же көздөрү начар көргөндөр да бар экендигин эске алганда 700дүн арасынан өздөрү жактыргандарды таап, аны белгилөө өтө эле татаал иш болот. Мында суроо туулат: шайлоочулар бир партиянын тизмесинен гана өзү каалаганды белгилөө керекпи же ар партиянын тизмесинен бирденди тандап, белгилөөсү зарылбы? Босоголук чектен өткөндөрдөн көп добуш алган талапкерлер автоматтык түрдө депутат болот дейли, кокус босоголук чектен өтпөгөн партиялардын ичинен бирөө жарымы эң көп добуш алсачы? Анда анын добуштары күйүп кетеби? Же алар да мандат алышабы? Эгерде бир партия 40тан ашык мандатка ээ болуп, тизменин алдыңкы сабын¬дагылары ар кандай кызматтарга кетип калышса, алардын орду тизмеде жоктордун эсебинен кандай тартипте, эрежеде толукталат?

Преференциялык добуш берүүнүн жакшы жактары талашсыз, анда талапкерлер акча төгүп, тизмеден алдыңкы орундарды ээлегендерине жараша эмес, конкреттүү алган добуштарына карата шайланышат. Бирок, ал биринчиден, участкалык шайлоо комиссияларынын түйшүктөрүн мурдагы учурларга салыштырганда он эсе көбөйтсө, экинчиден бюджеттик чыгым¬дарды да арттырат. Анткени, 700 адамдын тизмеси кирген бюллетень бир таңгактай кагаз болот. Ал тизмелердин ичинде аты-жөндөрү коёндой окшоштор да болуп, шайлоочу кимисине добуш берерин билбей башы айланып калуусу да ыктымал. Анан аларды электрондук урнага киргизип, эсебин чыгаруу да көптөгөн түйшүктөрдү жаратат. Практикалык жактан мүмкүн болбосо да теориялык жактан бир тизмедеги эки талапкердин алган добуштары бирдей чыгып калуу мүмкүнчүлүгү да бар. Анда кимисине ар¬тыкчылык берилет? Же экөөнүн ортосунда чүчүкулак ойнотулабы? Мындай потенциалдуу көрү¬нүштөр жаңы эрежеде майда-чүйдөсүнө чейин каралганбы, так жазылганбы? Же баш айлантма маселе келип чыкканда гана аны кайсыл норманын негизинде кандай чечмелөөнү билбей өздөрүн да, элди да кыйнашабы?

Орустар “пока гром не грянет, мужик не перекреститься” дегендей, тилекке каршы, бизде проблема тумшукка түрткөндө гана далбастап бир укук-ченемдик норманы ар жакка тарткылай баштоо адатка айланып калды. Биз мурдагы макалабызда мурдагы Баш мыйзамдын 70-беренесиинин 2-пункту менен 71-берененин 3-пунктунун ортосундагы потенциалдуу карама-каршылыктар жаңы Баш мыйзамдын 76-беренесинин 2, 77-беренелердин 3-пункттарында өзгөртүүсүз (депутаттардын санынан башкасы) калтырылгандыгын, ал дагы деле потенциалдуу түшүнбөстүктөрдү жаратуусу мүмкүн экендигин жазганбыз.

Жаңы эрежеге ылайык, эгерде талапкерлигин коюшса, саясый кызмат орундарын ээлеп тургандар өз кызматтарынан кетүүлөрү зарыл. Муну айрымдар административдик ресурстарды чектөөгө оң тийгизерин жазышууда, айтышууда. Бирок, реалдуу алганда анын эч кимге ысык-суугу деле жок, бизде административдик ресурстар эмес, акча негизги ролду ойнойт. Бийликтегилер эмне дешпесин аларды угуп коюшат да урналарга келгенде шайлоочулар кимге добуш берүүнү өздөрү чечишет. Мында “токочтуу бала сүйгүнчүк” болору турган иш. Демек, шайлоочуларды түз жана кыйыр каражаттар менен сатып алууга жол берилбөөсү зарыл.

10-январда өткөн президенттик шайлоо эң таза болгондугуна бардыгыбыз күбөбүз. Ал шайлоодо эл аймактык, кландык кызыкчылыктарды унутуп жаңылануу, тазалануу үчүн добуш берди. Бирок, парламенттик шайлоо андан кыйла татаал болгону турат. Анткени, азыр аймактардын, кландардын кызыкчылыктары, башка айрым факторлор биринчи планга чыгат. Президенттик шайлоодо негизги талапкерлер 3-4 эле болсо, азыр парттизмедегилердин ичинде да атаандаштык жаралат, талапкерлер миңден ашуусу мүмкүн. Мындай шартта саясый, аймактык, кландык гана эмес, уруулук жана уруктук, айылдык, маалелик, тамыр-сөөктүк, курбу-курдаштык ж.б. факторлор да кыймылга келтирилет. 28-ноябрь талаш-тартыштардын, чырчатактардын башталышы болбоосу үчүн өнөктүктүн бардык этаптары, процедуралары ачык, таза, калыс өткөрүлүүсү, мыйзам бузуу фактылары катталса, аларга ошол замат катаал укуктук чаралар көрүлүүсү зарыл. Ошондо гана парламенттик шайлоо өзүн актайт, элди бириктирип, саясый консенсуска келүүнүн бурулуш этабы болуп калат.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити