Бишкек, "Саясат. kg". Эске салсак, парламенттик шайлоо ушул жылдын 28-ноябрына белгиленген. 

БШКга "Социал-Демократтар" партиясы Жогорку Кеңешти шайлоого катыша турганын билдирип арыз жолдоду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Эске салсак, парламенттик шайлоо ушул жылдын 28-ноябрына белгиленген. 

БШКнын маалыматына караганда, "Социал-демократтар" партиясы шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Касымбеков Нурбек Айтыевичти, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Усубалиев Таалайбек Болотбековичти дайындаган. 

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо күнү белгиленгенден кийин 5 календардык күн ичинде шайлоого катышууну каалаган партиялар БШКга жазуу түрүндө билдирүү бериши керек. Арыз ушул жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин кабыл алынат.