Бишкек, "Саясат. kg". Үгүт процессине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүүгө билдирүүлөрдү кабыл ала баштады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт. Үгүт процессине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүүгө тийиш.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” КР Президентинин Жарлыгы 2021-жылдын 29-августунда жарыялангандыгын БШК эске салат. Ошого байланыштуу аккредитациядан өтүүгө документтерди тапшыруунун акыркы күнү – 2021-жылдын 18-сентябры.
Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниети бар жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар белгиленген мөөнөттө – 2021-жылдын 18-сентябрына чейин (кошо алганда) төмөнкүдөй документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш:
- шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын жана интернет-басылманын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланышуу маалыматтарын көрсөтүү зарыл;
- жалпыга маалымдоо каражатынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- интернет-басылмалар үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же салык органдарында жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн (патент) (интернет-басылмалар үчүн) көчүрмөсү;
- маалымат жана маалыматтык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсү;
- уставынын көчүрмөсү (эгерде бар болсо);
- эфир убактысын, басма аянтын берүү үчүн акынын өлчөмү жана интернет-басылмада жарыялоо укугу жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар.
Жалпыга маалымдоо каражаты жана интернет-басылма өкүлдөрүнүн тизмесин жана электрондук варианттагы арызда камтылган башка маалыматты КР БШКнын Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почтасына дагы жөнөтөт.
Алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда, региондордогу жалпыга маалымдоо каражаттарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө ролу жана катышуусу абдан маанилүү.
КР БШК региондордогу жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу баардык керектүү маалыматты берүүгө даяр экендигин билдирет.