Ал январда, болжол менен 17-январга белгилениши кажет

 Парламенттик шайлоо 20-декабрда өтсө, президенттик шайлоо 17-январда өтүшү ыктымал. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, жаңы жылга чейин парламент ишке кирсе, анан алар президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилеши керек.

“Болжол менен парламенттик шайлоо 20-декабрга белгиленет. Он күндүн ичинде Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу зарыл. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш белгилейт. Ал январда, болжол менен 17-январга белгилениши кажет”,- деди БШК башчысы.

Булак: "Майдан.kg" газетасы