Бюллетендердин 95%га жакыны эсептелди
Бүгүнкү парламенттик шайлоого 1 млн 917,4 миң шайлоочу келди, башкача айтканда шайлоочулар тизмесине кирген жарандардын 54,76%ы шайлоого катышкан.
БШКнын сайтындагы алдын ала маалымат боюнча (автматтык эсептөө үкөктөрү эсептеген маалыматтар боюнча) учурда бардык 2 миң 475 шайлоо тилкесинин 2 мин 361индеги шайлоо бюллетендери эсептелген. Ал жалпы жалпы шайлоо тилкелеринин 95,39%ын түзөт.
Шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 554 жаран киргизилген.
Булак: Кабар