Ошто шайлоо күнү «Клооп» интернет-басылмасынын кабарчысына кол салуу болду.

Басылманын маалыматына караганда, шаардагы №5316 шайлоо участогунда «Клооптун» оператору Хамидулло Узаковго белгисиз бирөөлөр кол салып, ал түз эфирге чыгып жаткан учурда телефонун тартып алышкан.

Журналисттердин айтымында, окуяга күбө болгон милиционерлер оператор сабалып жатканда эч кандай чара көрүшкөн эмес.

Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков окуя тууралуу "Азаттыкка" буларды айтты:

"Ал жерге ыкчам тергөө тобу барды. Телефонун алып койгон бала журналист чагым кылганын айтып, "Өзүн тааныштырбай тарта баштады. Ал журналист экенин билбестен телефонун алып койгом, кайра кайтарып бердим" деп түшүндүрдү. Урган жокмун деп айтты".

Кабарчылар белгилегендей, алар добуш берүү учурундагы мыйзам бузуу фактылары тууралуу түз эфирде айтып берип жатышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүнкү добуш берүүдөгү мыйзам бузуу тууралуу маалыматтар бар экенин, алардын баары тийиштүү жактарга жөнөтүлүп жатканын «Азаттыкка» 4-октябрда билдирди.

Бүгүн Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүүдө. Социалдык түйүндөрдө шайлоочуларды топ-тобу менен ташып келүү, алардын добуш берип жатканын көзөмөлдөө, акча таратуу болуп жатканы тууралуу видео жана сүрөттөр тарап жатат. 

Булак: Азаттык