Саат 16:00гө карата өлкөдө 1 миллион 296 миң 978 шайлоочу добуш берди. 

Бул тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди. 

“Саат 16:00гө карата Кыргызстандагы шайлоо участокторунда баш аягы 1 миллион 296 миң 978 шайлоочу добуш берди.  Бул Кыргызстандагы 3 миллион 523 миң 554 шайлоочунун 36,81  пайызын түзөт”, – деди Шайлдабекова.

Аймактардагы добуш берүүлөрдүн саны төмөндөгүдөй:

Бишкек шаары 181090  адам добуш берди (36,39 пайыз);

Ош шаары 81095 адам добуш берди (45,06 пайыз);

Жалал-Абад облусу 25040 адам добуш берди (38, 84 пайыз);

Ысык-Көл облусу 95955 адам добуш берди (33 пайыз);

Нарын облусу 66231 адам добуш берди  (37,59 пайыз);

Ош облусу 252903 адам добуш берди (37,5 пайыз);

Талас облусу 57003 адам добуш берди (38,25 пайыз);

Чүй облусу 212686 адам добуш берди (36,25 пайыз);

Баткен облусу 94692  адам добуш берди (33,31 пайыз).

Чет өлкөдөгү 5283 кыргыз жараны добуш берген (16,2 пайыз).

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 2475 шайлоо учаскасы иштеп жатат.  Алардын 45и чет өлкөлөрдө, ал жактагы кыргыз мигранттарына ачылган.  Кыргызстанда жалпы 3 523 554 шайлоочу бар, алардын 32 602си чет өлкөлөрдө.

Парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышып, алардан 120 мандатуу Жогорку Кеңешарналганке 1912 адам талапкер болуп катталган.

Булак: reporter.kg