Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде саат 12:00го карата 624 миң 598 шайлоочу добуш берди.

Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

“Добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 17,73%ын түзөт. Анын ичинен Нарын облусунда – 32 миң 260, Ош облусунда – 120 миң 423, Баткен облусунда – 49 миң 609, Талас облусунда – 28 миң 130, Чүй облусунда – 99 миң 13, Бишкек – 84 миң 106, Ош шаарында – 37 миң 860, Жалал-Абад облусунда – 125 миң 225, Ысык-Көл облусунда – 47 миң 971, шайлоочу добуш беришти”, – деп билдирди Шайлдабекова.

Булак: govori.tv