Бишкек, "Саясат. kg". Шайлоонун ыпылас оюндары адаттагыдай күчүндө. 

Бишкектеги Бишкек гуманитардык университетинин имаратында жайгашкан №1046 шайлоо участогунда "Биримдик" үчүн акча тараткан аял кармалды. Аны менен чогуу дагы бир эркек болгон, бирок тартип сакчылары байкап калган кезде качып кетүүгө үлгүргөн. Бул тууралуу шайлоочулар билдиришти. 

Маалыматка караганда, бир аял менен эркек шайлоо участогуна келип, "Биримдикке" добуш берүү үчүн акча сунушташкан. Ошол эле маалда добуш берүү маалында "Биримдик" партиясына "чымчыкча" коюп, анысын телефонуна тартып алууга аракеттенген эки адам кармалган. 

Акча таратуу аракети үчүн кармалган аялды милиция кызматкерлери андан ары териштирүү жүргүзүү үчүн милиция бөлүмүнө алып кетишти.