Саат 10:00гө карата Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде 236 миң 921 шайлоочу добуш берди. Б

ул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, саат 10:00гө карата шайлоочулардын 6,72%ы добуш берди.

"Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 523 миң 532 киши киргизилген", - деди ал.

Кыргызстанда бүгүн саат 08:00дө парламенттик шайлоо башталды. Парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси даярдалып, анын ичинде чет мамлекеттерде 45 шайлоо тилкеси ачылган.

Шайлоого 16 саясий партия катышууда.

Булак: Кабар