Ал партиянын талапкерлеринин тизмесинде №2 орунда турат.

«Ыйман нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы шайлоо участогунда добуш берди.

Ал партиянын талапкерлеринин тизмесинде №2 орунда турат.

Кадырбеков бүгүн өтө жоопкерчиликтүү күн экенин айтып, шайлоо адилеттүү өтөрүнө үмүт кыларын жана жакшылыкка өзгөрүүнүн, динамикалык өнүгүүнүн башаты үчүн добуш бергенин билдирди.

Булак: Баракелде