Бишкек, "Саясат. kg". Добуш берүү башталды. 

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого добуш берүү 20.00гө карата аягына чыгат жана 22.00гө карата добуш берүүнүн болжолдуу жыйынтыгы чыга баштайт. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. 

Айтымында, бүгүн саат 08.00дөн баштап добуш берүү жүрүүдө. Кыргызстан боюнча 2 миң 475 шайлоо участоктору ачылган, анын 45и чет өлкөлөрдө. 

 Өлкөдө 3 миллион 523 миң 554 шайлоочу катталса, анын 32 миң 602си чет өлкөдө.