Эл арасында көп талаш-тартыштарды жараткан №2-формада добуш берүү болду.

Шайлоо кампаниясы акыркы стадиясына атаандаштыкта ачык, таза кирүүдѳ 

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин ушул жылдын 1-сентябрында өткөрүлгөн чакан курамдагы жыйынында “Шайлоолордун таза өтүшү - өлкөбүздүн мындан ары өнүгүүсүнүн негизги шарты. Буга баарыбыз жоопкербиз. Шайлоонун ачык өтүүсү камсыздалат жана кепилдик берилет деп Президент катары мен буга чейин  айтып келгем. Айтканымды аткарып келе жатам жана аткарам. Президент катары мамлекеттин эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн, эл биримдигин, тынчтыгын сактоо - менин негизги милдетим. Ошондуктан саясый партияларды, алардын жактоочуларын, командаларын шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуу аракеттеринен алыс болууга чакырам”, -  деген.
Добуш берүүгө эки күн гана калды. Жалпысынан үч айга созулган марафон акыркы стадиясына кирди. Бул сөздөр аркылуу биз  эки күндүн ичинде чектен чыккан окуялар болбойт, добуш берүү жана алардын жыйынтыктарын чыгаруу  ачык, таза, өтөт деген үмүт-ишенимди  билдиргибиз келет. Ал эми буга чейинкилердин негизинде Президент убада кылгандарын аткарды деп ишенимдүү айтсак болот. Өзгөчө шайлоо алдындагы үгүт жана жарнама иштери ачык, таза өттү. Тилекке каршы, айрым жерлерде тартип бузуулар болду, иш болгон жерде кемчилик да болот, ал белгилүү деңгээлде мыйзам ченемдүү көрүнүш, аптекадагы фильтрленген суудай таза шайлоону  уга да, көрө да элекпиз. Локалдык айрым тартип бузуулар, чатактар өлкөдөгү  жалпы шайлоо кампаниясынын жүрүшүнө терс таасирин тийгизбеди, тийгизе да алмак эмес. Анткени, бирин-экин мүчүлүштүктөр болгон менен бардык партияларга бирдей шарттар түзүлүп, реалдуу саясый атаандаштыкта процесстердин бардыгы ачык, таза, калыс өткөрүлүп жатканда, айрым кемчиликтер жалпы процесске терс таасирин тийгизе албайт.

Ачыктыкка, тазалыкка баарынан мурда мамлекет башчысы кызыкдар

Кыргызстандын жаңы тарыхындагы буга чейинки шайлоолордон келип чыккан жаңжалдар баардыгыбызга, биринчи кезекте мурдагылардын кемчиликтерин кайталабаганга аракеттенип, мүмкүн болушунча ачык, таза иштеп  жаткан мамлекет башчысына сабак болду. Үй-бүлөлүк, кландык формадагы башкарууну орноткусу, өз бийлигин кеңейткиси же узарткысы келбеген  мамлекет башчысына андай ашыкча “дөөлөттөрдүн” тыйынча да кереги жок. Канча партия  парламентке келсе деле президентке жетишерлик өбөк, жөлөк болорлук  саясый күчтөр болорун бөркүбүздөй эсептесек болот. Андай шартта ашыкча күйпөлөктөнүп,  өз беделине жана өлкөдөгү саясый туруктуулукка доо кетирип, анысы аз келгенсип ар кимдерге жаман көрүнгөндун кандай зарылчылыгы бар?
Айрымдар Боршайлоокомдун иши, бир катар чечимдери боюнча терс пикирлерди айтышууда. Биз канча анын ишин сындабайлы, анын курамы ар кандай саясый күчтөрдөн түзүлгөндүгүн, демек, ал белгилүү деңгээлде коомдун күзгүсү экендигин, ошондуктан анын чечимдерин сыйлоонун зарылдыгын көңүлдөн чыгарбообуз керек. БШКнын курамын президент же өкмөт дайындаган эмес, аны парламент шайлаган. Шайлоо участкаларынын иштерин уюштуруп, шайлоочулардын тизмелерин түзүүдө, атаандаш партияларга үгүт иштерин жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүүдө, талаш маселелерин чечүүдө БШК негизинен демилгелүү иштеди, кесипкөйлүгүн көрсөтө алды.
 Шайлоого катышкан партиялардын өкүлдөрү мамлекеттик ЖМКларда элге өз программаларын тааныштыруу менен чектелбестен президенттин, өкмөттүн иштерин каалашынча сындашты. Алардын араларында бийликтегилерге негизсиз асылып, реалдуулуктан таптакыр алыстап кеткен убадаларды бергендери да көп болду. Бирок, эмне дейбиз, шайлоо деген белгилүү деңгээлде жарменке базарга окшош, ар ким өз “товарын” апендинин кызындай мактап, даңктап, атаандаштардыкын ачык, жабык, түз, кыйыр түрлөрдө  жерге чапканга аракет кылат экен. Аны шайлоочулар эң сонун түшүнүшөт, ошондуктан бирөө-жарымдар  атаандаштарын жана бийликтегилерди сындагандан, өз “товарын” мактап-даңктагандан ашыкча кетип калса, андай көрүнүштөргө чычалап, теригүүнүн деле кереги жок. Түшүнүү менен мамиле жасоо керек. Сындары, мактангандары да мыйзам чектеринен чыкпаса болду.
Тилекке каршы, бул шайлоо кампаниясында атаандаштарды каралап, жамандап, ылай менен шыбоо өзгөчө кучтүү болгондугун ачык айтуу керек. Айрым партиялар шыбамайдын батыштан келген жаңы технологияларын, түрлөрүн жана формаларын ашыгы менен колдонушту.   Айрым партиялардын штабдарындагы  ондогон жалданма  жазмакерлер атаандаштары жөнүндө троллдорду, фейктерди, дагы башка нерселерди күргүштөтө даярдап, социалдык түйүндөргө, ЖМКларга чыгарып турушту. Алар канчалык деңгээлде максаттарына жеткендиги жөнүндө айта албайбыз, аны шайлоонун жыйынтыктары көрсөтөт, бирок аны элдин көпчүлүгү тез эле түшүнүп, көңүл бурбай, маани бербей калгандыгы да чындык.

Жоболоңдуу №2 форма кийинки шайлоодо жоголобу?

Эл арасында көп талаш-тартыштарды жараткан №2-формада добуш берүү болду.  Ал негизинен ички мигранттарды, командировкага чыга тургандарды, аскер кызматкерлерин шайлоого катыштыруу үчүн киргизилген.  №2-форманын өзүндө мыйзамга ылайык келбеген нерсе жок, ал туура форма. Бирок, кандай жаңылык киргизилбесин андан жылчык таап, оз кызыкчылыктарына ыңгайлаштырып алганга маш болгон  саясый партиялардагы шылуундар  өздөрүнө ыктагандарды бир жерге топтоп добуш бердиртүүгө пайдаланып кетишкендери гана көпчүлүктү иренжитүүдө. Анда партиялардагы шылуундардын гана эмес, андай шарттарга макул болушкан шайлоочулардын өздөрүндө да күнөө бардыгын ачык эле айтуу керек.
№2-форманы биротоло жоюп салганга болбойт, анда жогоруда аталгандай категориялардагы шайлоочулардын укуктары бузулат, алар Конституциялык укуктарынан пайдалануудан сырткары калышат. №2-форманы жойгон күндө деле баары бир анын башка вариантын же формасын киргизгенге аргасыз болобуз. Биз мында; кеп  №2-формада эместигин, маселе шайлоочунун өзүнүн тандоосунда экендигин гана айткыбыз келет. Туз эле айтканда,  шайлоочу  кабинага өзү жалгыз кирет, өзү каалаганга гана добуш берет. Эч ким аны колун бурап, эркине каршы добуш бердире албайт. Эгерде шайлоочу кайсыл партияга мурдатан сатылып, алдын ала ошого гана добуш берүүнү чечсе, аны эч ким өзгөртө албайт.  Ал кайсыл жерга барса деле баары бир өзү алдын ала тандаганга же  кайсыл бир кызыкчылыктар менен макулдугун берип койгонго гана добуш берет.  Ошондуктан өзүбүздүн күнөөлөрүбуздү жансыз формага оодара салган туура эмес.

“Баарына каршы” ич күйдүлүк 

Бул шайлоо процессинен сырткары калганга итатайлары тутулуп, ичтери тандырдагы тезектей күйгөн айрым саясатчылар 4-октябрда баардык талапкер партияларга каршы добуш берүүгө чакырышууда. Бул: “бизге эч нерсе тийбеген соң, башкалар да албасын” деген эле абысындардын кызганычтарындай  примитивдүү ич күйдүлүк. Ал эч качан ишке ашпайт. Биринчиден, бардык партияларды жаман көргөндөр жөн эле шайлоого барышпайт. Экинчиден, жыдыган 3-4 саясатчы сөрөй чакырык кылып койсо эле аларды ээрчип кете бере турган аңкоолор жок.
Эмне дебейли, кандай сындарды айтпайлы, парттизмедегилер - Кыргызстандын азыркы иргелген, төбөлөрү көрүнгөн инсандары. Алардын араларында татыктуулары да аз эмес. Алар биз айткан ич күйдүлөрдөн кай жагынан албайлы, он эсе өйдө. Ошондуктан бирин-экин  ич күйдүлөрдүн тилдерине кирбестен 4-октябрда шайлоо участкаларына барып, тандагандарыбыз үчүн добуш берүүбүз керек.

Булак: "Майдан.kg" газетасы