Мындай көрүнүштөр шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын мүчүлүштүктөрүнөн болуп жатат.

БорШайКом парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмелерин текшерип, соттолгондуктары алына элек, документтери так эмес онго жакын  талапкерди тизмеден чыгарды. Аларга кошумча оор күнөөлөр боюнча кылмыш иштери  козголгондор да шайлоодон четтетилсе туура болмок. 

Бирок, соттун чечими болмоюнча эч кимди кылмышкер дегенге болбойт деген принципте оор маселелер боюнча кылмыш иштери козголгондордун бир тобу шайлоого катышышууда. Эгерде алар депутаттык мандатты алышса, козголгон кылмыш иштери өзүнөн өзү токтоп кала тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү. Алар депутаттык кол тийбестикке ээ болуу үчүн байлыктарын чачып, кандай жол менен болбосун парламентке келгенге жулкунушууда. Алтынчы чакырылыштагы парламенттин 22 мүчөсүнө кылмыш иши козголсо, алардын бири да аягына чыгарылбагандыгы эсибизден чыга элек.
Мындай көрүнүштөр шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын мүчүлүштүктөрүнөн болуп жатат. Анткени, соттолгондуктарды алуу жөнүндө укук-ченемдик актыны катаалдатпаса, ал жөн эле оюн болуп калды. Оор беренелер менен соттолгондор деле түрмөдөн чыгышары менен “соттолгондугу жоюлган” дегенди алышып, депутаттыкка ат салышууда. Ошол эле убакта  соттолгондугу барларга катардагы милиционер, тергөөчү же судья болгонго мыйзам жол бербейт. Ал эми соттолгондору барлар мамлекеттик эң жогорку башкаруу органына шайланса боло берет. Бул эмне деген мыйзам? Эмне деген норма? Же катардагы милиционер же тергөөчү макамы боюнча Жогорку Кеңештин депутатынан жогору турабы? Албетте, жок. Бул жөн эле укуктук  казус.
Булары аздык кылгансып кримавторитет А.Батукаевди Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып жибергендиги үчүн 11  жылга эркинен ажыратылып, башка оор беренелер боюнча да айыпталып жаткан мурдагы президент А.Атамбаевдин портрети Ош базарынын жанында илинип, ал №6-катардагы Социал-демократтар партиясы үчүн добуш берүүгө чакырып тургандыгын эмне менен түшүндүрүүгө болот? Мындан сырткары, атайын үгүт автоунаасы Атамбаевдин чоң сүрөтүн илип алып, Бишкектин көчөлөрүн аралап, КСДПга добуш берүүгө үндөп жүргөнүн кантебиз?  Эгерде бир кылмыш иши үчүн 11 жылга эркинен ажыратылып, башка да Кылмыш-Жаза Кодексиндеги эң оор 7 берене менен айыпталып (анын ичинде 1 адамды өлтүрүп, беш-алтоосун жарадар кылган дегени да бар) жаткан адамдын  сүрөтү борбор калаанын эл эң көп жүргөн жеринде илинип, ал үгүт иштерине катышып жатса, шайлоодогу тазалык, мыйзамдуулук жөнүндө сөз кылуунун кереги барбы? Мындан чыкты Джек Потрошител менен Чикатило, алар аздык кылса Азиз Батукаев өзү Кыргызстанга кайрылып келип  шайлоолордогу үгүт иштерине катыша берсе боло береби? Борбор калаадагы прокуратура органдары, бу шайлоодо бышылдап жели чыккандан башкага жарабаган  БШК кай жакты карап олтурат?
Бизде прокуратура органдары жогортодон түрткү болмоюнча, “былтыйган-тылтыйган” деген сөздөрдү укмайынча, ачыгын айталы, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин деле дурустап  аткарбай калышты. Мэриядагылар шаардын көйгөйлөрүнө караганда, өздөрүнүн курулуш бизнестери менен көбүрөөк алектенишет, шаардын абалына көңүл деле бурушпайт. Маселен, шаардын айрым көчөлөрүндө (маселен, Бөкөнбаев көчөсүндө) расмий тил түгүл, мамлекет тил да унутулуп, көрнөк-жарнактардын бардыгы англис тилинде жазылып илинүүдө. Мэриядан ага көңүл бурган, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын аткарылуусун көзөмөлдөгөн эч ким жок. Мындай көрүнүш улантыла берсе, Бишкекте жакында кыргызча, орусча бир да көрнөк калбай калат. Эл аралык уюмдардын жана мекемелердин  бөлүмдөрүнүн, филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн  бардыгы өз көрнөктөрүн англис тилинде гана жазып, илишүүдө. Алардын мамлекеттик тилди урганы да жок. 
Бул өзүнчө сөз, күйгөндөн айтам бир баян дегендей, ыгы келгенде айтылып кетти. Кайрадан АШАга кайрылсак, анын сүрөтүнүн алдына: “Ар ким өз өлкөсүндө гана бактылуу боло алат” деп жазылыптыр. Ал туура, бирок өз өлкөсүн талап-тоноп, ондогон миллиондогон долларлык зыяндарды келтирип, анысы келгенсип адам канына  булгангандардын андай сөздөрдү айтканга  моралдык укугу жок  экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Ток этерин айтканда, түрмөдө жаткан АШАнын сүрөтү шайлоо бүткүчө Ош базарынын жанында илинип тура береби? 

Булак: "Майдан.kg" газетасы