Мындай чечим «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кечээ, 22-сентябрда «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөтүлгөн 9 адамды талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
Алар:
Жаныкулов Хамракул Жаныкулович;
Мамытова Лунара Улукбековна;
Ахметова Малика Ялкуновна;
Калиева Сайкал Асангуловна;
Шакирова Алина Кубанычбековна;
Таирова Гүлжамал Эркебаевна;
Абдукадырова Мадина Абытовна;
Айтыева Сабина Рустамовна;
Касымова Бермет Данияровна.
Мындай чечим «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.
БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева талапкерлер тизмеден чыккандан кийин квотанын сакталышына кызыкты.
«Партиядан 8 аял чыкты. Ушундан кийин гендердик квота сакталып жатабы?», - деп суроо узатты ал.
Доклад берип жаткан Айтикеев талапкерлердин тизмесинен аял киши чыкса, анын ордуна аял-талапкер келерин билдирди.
«Талапкер тизмеден чыккандан кийин гендердик пайыз сакталбайт. Гендердик квотанын талабы партия талапкерлердин тизмесин сунуштап жатканда гана иштейт», - деди Айтикеев.
Булак: Баракелде