Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Гүлчө айылында. 

Ачка калган элин жалгыз өзү көтөрүп, өзү баккан Кожожаштай кыргыздын уулдары саналуу калды. Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынын талапкери Жылдыз Жолдошова Алай районунун Гүлчө айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Тарыхтан Кожожаш деген мергенчини билебиз. Ал мергенчилиги менен бир айыл элин кышкы апааттан сактап калган. Кыргыздын мындай эр жүрөк, элинин башына түшкөн мүшкүлгө көкүрөгүн тоскон эки гана уулу калды. Алар – Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров. Эгер биз бул уулдарыбызды колдоп алчу болсок, артынан миңдеген Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев өсүп чыгат. Уулдарыбыз ушул экөөнө карап түздөнөт, экөөнүн эл үчүн жасаган эмгегин үлгү кылышат. Кыргыздын жерин, мамлекетин сактап калышат. Мамлекетибиздин эртеңки тагдыры гана эмес, эртеңки муундун тарбиясы да бүгүнкү биздин тандообуздан көз каранды. Мекенчил инсандарды алдыга сүрөйлү, эли-жерибиздин тагдырын аманат кылып тапшыралы!” – деди Жылдыз Жолдошова.