Талапкерлер барганда силер аралашып келгиле, эл топтоп келгиле, сурооңорду бергиле.

Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевдин аймактагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилерин, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларын топтоп, «Биримдик» партиясына иштөөгө үгүттөп жатканы жазылган аудио тарады. Айтибаев чогулуш өткөргөнүн мойнуна алып, аудиодогу үн аныкына окшош экенин айтты.

«Талапкерлер барганда силер аралашып келгиле, эл топтоп келгиле, сурооңорду бергиле. «Боло турганын кылып беребиз» деп айттым. Болбой тургандын кереги жок. Бийликтин атаандаштары чай берип, кетип калса деле биз иштеп жатабыз. Биз кыла беребиз. Башка жактагылар шайланса, келиши мүмкүн. Шайланбай калса такыр келбейт. Бизде, бийликтикинде биз турабыз го, аткаруу бийлиги турабыз. Алар кетип калса деле, башка болсо деле биз атакарабыз да, туурабы? Биз барбыз го! Биз эч кимиңерди уят кылбайбыз. Талап да кылабыз. Жакшылап жыйынтык кылып бериңиз. Мен өзүм барам. «Биримдикти» канча пайыз кылабыз?», — деп суроо узатып жатканын угууга болот.

Булак: Элгезит